Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:48

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон ооруканага түштү


Американын 42-президенти Билл Клинтон.
Американын 42-президенти Билл Клинтон.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Билл Клинтон Калифорниядагы оорукана түштү. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Энжел Урена 14-октябрда Твиттерге жазды.

Ал 75 жаштагы Клинтон 12-октябрда бейтапканага жеткирилгенин билдирип, мурдагы президенттин оорусунун чоо-жайын айткан жок.

"Анын абалы оңолуп келатат, маанайы жакшы", - деди Урена.

Ал Твиттерге Клинтондун дарыгеринин билдирүүсүн кошо жарыялады. Анда эки күндүк дарылоо курсунан кийин мурдагы президенттин организми антибиотиктерге оң реакция көрсөтүп жатканы белгиленген.

CNN телеканалы Билл Клинтон алы кеткени үчүн ооруканага жеткирилгенин, андан сепсис аныкталганын маалымдады.

Билл Клинтон Американын 42-президенти. Ал өлкөнү 1993-жылдан 2001-жылга чейин башкарган.

Мурдагы президент 2004-жылы жана 2010-жылы жүрөк оорусуна байланыштуу эки жолу операция болгон.

XS
SM
MD
LG