Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Аскердик базалар: Путиндин башы ачылбаган сунушу


Орусиянын Канттагы аскер базасы, 27-октябрь, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.
Орусиянын Канттагы аскер базасы, 27-октябрь, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.

Орусиялык дипломаттар АКШ менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин белгиледи. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковго шилтеме берген орусиялык маалымат агенттиктери Ооганстанга байкоо салуу үчүн америкалык аскерлердин Борбор Азиядагы аскер базаларын пайдалануу маселеси талкууланганын, бирок Москва бул идеяга каршы экенин жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен Москвада 11-октябрда жолуккан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун министрдин орун басары Рябков белгилеген. Бирок ал ага карабай, мамиле кескин начарлап кетиши мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт.

Женевада 16-июнда президенттер Байден менен Путиндин жолугушуусунан соң эки тараптуу мамиле оңолот деп айтылып, бирок эч бир жылыш байкала элек болчу.

Сергей Рябков Ооганстандагы кырдаалга байкоо салып туруу үчүн америкалык аскерлер Борбор Азиядагы аскердик базаларды пайдалануу маселеси талкууланганын айтты. Бирок ал кандай гана болбосун, АКШ аскерлерин бул чөлкөмгө жайгаштырууга Москва каршы экенин билдирген.

Бирок 28-сентябрда АКШнын Сенатында республикачы-сенатор Деб Фишер Пентагондун башчысынан Женевада президенттердин жолугушуусундагы сунуш тууралуу сураган болчу:

“Байдендин администрациясы Ооганстандын түндүгү менен чектешкен Борбор Азиядагы орусиялык аскер базаларын пайдалануу тууралуу Путиндин администрациясына сунуш бергени кабарланууда. Бул маселе боюнча Орусияга кайрылуу болгону чынбы?”, - деп ал суроо салды.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Сенатта ага жооп берип жатып, быйыл жайында Женевдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда бул боюнча сөз болгонун кыйыр түрдө ырастаган эле.

Пентагондун башчысы Ллойд Остин.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин.

“Биздин президент Байден менен президент Путин жолукканда кандайдыр бир жардам берүүнү сунуштаган. Генерал Милли орусиялык кесиптеши менен соңку жолугушуусунда дагы бул боюнча сүйлөшкөн. Биз кайсы бир нерсени жасаш үчүн Орусиянын уруксатын сураган жокпуз. Генерал Милли өзү да айта алат. Ал аталган жардам тууралуу сунуштун төркүнүн гана тактаган”.

The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, Борбор Азиядагы орусиялык аскер базаларын пайдалануу маселеси АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов 22-сентябрда Хельсинкиде жолукканда да көтөрүлгөн.

Флориданын эл аралык университетинин профессору, Европа саясатын талдоо борборунун эксперти Александр Краутер Вашингтон орус тараптын баштапкы сунушунун чын-бышыгын тактап көргүсү келгенин "Америка абазы" радиосуна айткан.

"Генерал Миллинин башкы милдеттеринин бири - мамлекеттик катчы сыяктуу эле чет өлкөлүк кесиптештери менен сүйлөшүү. The Wall Street Journal басылмасынын макаласынан кийин "генерал Миллиге Путиндин сунушу канчалык олуттуу болгонун генерал Герасимовдон сурап көрүү тапшырмасы берилген" деген бүтүмгө келдим", - деди профессор Краутер.

АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли (солдо) менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов. Хельсинки, 22-сентябрь 2021-жыл.
АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли (солдо) менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов. Хельсинки, 22-сентябрь 2021-жыл.

Орусиянын эң ири аскердик базасы Тажикстанда жайгашкан. Ал 201-мото аткычтар бөлүгү Орусиянын Борбордук аскер округуна караштуу. Андан башка Москва Кыргызстанда Кант аскер аба базасына бириккен аскердик объекттерди иштетет.

Америкалык аскердик күчтөр 2001-жылдан 2014-жылга чейин Борбор Азиядагы бир нече базаны, анын ичинде Кыргызстандагы "Манас" эл аралык аэропортун да колдонгон. Убагында орус бийлиги Бишкектеги америкалык транзиттик борбордун жабылышын жактап келгени белгилүү.

АКШнын Бишкектин четиндеги 2014-жылы жабылган транзиттик борбору.
АКШнын Бишкектин четиндеги 2014-жылы жабылган транзиттик борбору.

Адистер Вашингтон менен Москва кызматташкан күндө деле аскер базалары жайгашкан өлкөлөрдөн уруксат алуу керектигин айтышууда.

"Орусия биздин атаандаш экени түшүнүктүү. Бирок бизде бул багытта орток кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Эгер Москвада Ооганстандагы кырдаалга көз салып турууга жарактуу жайы болсо, анда бул чектен чыккан идея эмес. Эгер биз чөлкөмдөгү орус базасын колдонгубуз келсе, анда Кыргызстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүбүз керек", - деген эле Атлантикалык кеңештин эксперти Жон Хербст.

Вашингтон Ооганстандагы террордук коркунучтарга байкоо салып, ага ыкчам жооп кайтаруу жолдорун издеген маалда Борбор Азиядагы орусиялык аскердик базаларды колдонуу сунушталганы бейрасмий түрдө айтылган. Бул маселе америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруунун алдында жана андан кийин көтөрүлдү.

Бирок 16-июндагы Путиндин Байденге берген сунушунун маани-маңызы кийин такталбаган бойдон кала берди.

XS
SM
MD
LG