Анда Путин бул макаланы жазууга өбөлгө түзгөн геосаясий шарттар тууралуу баяндаган.
Ошондой эле, ал СССРди курууда совет бийлигинин жетекчилигинин арасында көз караштардын кагылышы болгонун белгилеп, орус империясынын курамындагы мурдагы элдердин РСФСРдин курамына автономдук шартта кирүүсүн каалаган сталиндик көз караштын жактоочусу экенин айтты.
Орус президенти жакында сайтына жарыяланган “Орустар менен украиндердин тарыхый биримдиги тууралуу” макаласын жазууга учурдагы геосаясий шарттар негиз берип, ажырым кеңейген жагдайлар кооптонууга өбөлгө түзгөнүн билдирди. Бирок саясат талдоочулар чөйрөсүндө Путиндин бул айтканы алты жыл мурда Украинанын аймактык бүтүндүгүн бүлүндүргөн аракети менен дал келбейт деген сындар айтылууда.
Эки элдин боордоштугу жана биримдиги тууралуу Путиндин ойлору түрдүү пикирлерге жем таштады.
Тарыхчы Борис Соколов биримдик тууралуу маселе көтөргөн Путиндин соңку жаңы тарыхтагы калпыс кадамдарын эске салды:
“Албетте, Путин жазган макаласында Крымды аннексиялаганы, аскердик баскынчылык жасаганы тууралуу айткысы келбейт. Эгерде андай болбосо, Крымда референдум өтмөк эмес. Орусиялык спецназ басып албаса, Крымдын Жогорку Кеңеши ага ылайык чечимге добуш бермек эмес. Ал эми Донбасска Орусия аскерин киргизбесе, жалдангандарды жибербесе, ал жакта эч кандай согуш же кандайдыр бир чыр-чатак чыкмак эмес. Путиндин макаласында "Украина шарттуу мамлекет катары Москванын гана көзөмөлүндө жашашы мүмкүн" деген ой жатат. Антпесе, Кремль Украинанын өз алдынча мамлекет болушуна жол бербөө үчүн бардык нерсеге бара турганын каңкуулайт”, - дейт тарыхчы Соколов.
Көз карандысыз медиада да "Путиндин бул макаласы кимге багытталган жана кандай максатты көздөйт" деген талкуулар кызыды. Мында Путиндин жалгыз эле орус-украин мамилесин оңдоого ишарат жасагандай аракетинен сырткары, анын риторикасында мурдагыдай эле империялык дымагы үстөмдүк кылган көз карашы бар дегендер да болду.
Путин СССР деген империянын кулашына негиз болгон жагдайга токтолуп, андагы катаал сталиндик көз караштын жактоочусу экенин жашырган эмес:
“СССРдин курамынан эркин чыгуу укугу бул – ошол кезде коюлган эң коркунучтуу “убакыт бомбасы” болчу. Совет мамлекетин түзүү боюнча большевиктердин жетекчилигинде карама-каршылыктуу көз караш болгон. Сталиндин көз карашы Лениндикинен башкача. Ал мурдагы империянын курамында болгон өлкөлөр автономдуу принципте РСФСРдин курамына кирүүгө тийиш экенин айткан. Ал эми Лениндин көз карашы боюнча бардык республикалар Орусиянын курамына кирбей туруп эле, тең укуктуу шарттагы жаңы мамлекетти түзөт. Сталин муну "улуттук либерализм" деп атап, Ленин менен ачык талашкан. Принцибинде Сталиндики туура болгон. Бирок ал тууралуу айтуу азырынча эрте”, – деди Владимир Путин соңку жарык көргөн макаласын чечмелеген маегинде.
Анткен менен саясат талдоочулардын арасында Путиндин жазган макаласынан көп улуттуу мамлекетти бекемдей турган табигый шарттарды эмес, тескерисинче, түпкүлүктүү элдердин кызыкчылыгын эске албай, биримдиктин пайдубалына шек келтирген тезистерди тапкандар да бар
Саясат талдоочу Александр Харебин Орусиядагы түпкүлүктүү элдин мүдөөсүнө байланыштуу маселени койду:
“Мен орус империясынын курамында жашап жаткан түпкүлүктүү элдер жана этностор бул тууралуу кандай ойдо экенин сурагым келет. Чуваштар, башкырлар жана башка ушул сыяктуу мамлекеттин түпкүлүктүү эли катары укугунан ажыраган улуттар. Мында “Түпкүлүктүү элдер” тууралуу украиналык мыйзам бекеринен Путиндин кыжырын келтирип жаткан жок. Ошондуктан мен Путинден сурайын деген элем. Орусиядагы түпкүлүктүү элдер өздөрүн орустар менен бирдиктүү эл катары эсептейби? Мен алар Москвадагы падышасына “анда сенин башыңдагы дүйнөнүн картасында биздин ордубуз каякта?” деген суроо беришин күтүп жатам”, - деди саясат таануучу Александр Харебин.
Владимир Путиндин “Орустар менен украиндердин тарыхый биримдиги тууралуу” деген макаласы президенттин сайтына украин жана орус тилдеринде жарыяланган.
Украин президенти Владимир Зеленский макалага “анын украин тилинде жазып баштаганы, биз тандаган жолдун тууралыгын көргөзөт” деген комментарий берди.