Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:08

Түркия-Орусия алакасы: Сирия, Украина, Bayraktar


Түркиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды кабыл алган учур. Сочи, 2021-жылдын 29-сентябры.
Түркиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды кабыл алган учур. Сочи, 2021-жылдын 29-сентябры.

Түркия менен Орусия президенттери айрым пикир келишпестиктерге карабай, эл аралык маселелерде жана өз ара карым-катнашта туруктуу экенин белгилешти.

Путин Сирия, Ливия маселесиндеги жана азери-армян чатагын жөнгө салуудагы Москва менен Анкаранын биргелешкен кадамын жогору баалады. Эрдоган бул чөлкөмдөгү тынчтык эки өлкөнүн мамилесинен көз каранды экенин айтып, аскердик өнөр-жай боюнча кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөр уланаарын билдирди.

Эл аралык аренадагы орус-түрк мамилеси

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин 29-сентябрда Сочидеги президенттик сарайда жолугушту. Алардын жекеме-жеке сүйлөшүүсү үч саатка жакын созулганы кабарланды.

Он сегиз айдан берки биринчи бетме-бет жолугушууда тараптар Сирия, Ливиядан башка, Түштүк Кавказ жана Украина маселесин талкуулаганы айтылды. Сирия чатагы боюнча өз ара макулдашууга карабастан, Москва менен Анкаранын туруму эки башка.

Орусиянын президенти Владимир Путин дипломатиялык сыпайычылык менен бул курч маселелердеги кызматташтыкты ийгиликтүү деп баалады.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

"Эл аралык аренада жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү кызматташып жатабыз. Ошол эле Сирия маселеси, Ливия боюнча позициялардагы байланыштарды айтсак болот. Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө боюнча орусиялык-түркиялык борбор активдүү иштеп жатат. Бул кызматташтык андагы туруктуулукту сактоого жана жарашууга багытталган кийинки кадамдарга баруудагы тараптардын позицияларын макулдашуу үчүн олуттуу кепилдик",- деди Путин.

Эки ача пикирлер

Эрдоган Түркия колдогон Идлибдеги көтөрүлүшчүлөргө Орусия менен Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн кол салуусун чектөөдө ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууну сактоону талап кылат деп айтылган. Анкара кол салуудан коргоо үчүн Идлибде миңдей аскерин кармайт. Ал кол салуулар күчөсө, 3 млн. ашуун качкын Түркияга өтүп келишинен чочулайт. Азыр Түркияда 3, 7 млн сириялык качкын бар. Бул саммиттин алдында Орусия менен Сириянын аба соккулары күчөгөндүктөн Анкара андагы аскер санын көбөйткөн.

Президент Эрдоган чөлкөмдөгү тынчтык эки мамлекеттен көз каранды экенин айтты.

Режеп Эрдоган.
Режеп Эрдоган.

"Түрк-орус мамилелерин мындан ары да чыңдап, өнүктүрүүгө өзгөчө ишенем. Бул эки тарапка тең пайда алып келет. Биздин Сирия маселесиндеги бирдиктүү кадамдарыбыз да өзгөчө чоң мааниге ээ. Бул чөлкөмдөгү тынчтык орус-түрк мамилелеринен көз каранды. Башка бир белгилей турган маселе - биздин аскердик коргонуу өнөр-жайындагы бирдиктүү кадамдарыбыз. Бул эки тарапка тең пайдалуу макулдашуу боюнча дагы сүйлөшөбүз",- дейт Эрдоган.

Былтыр аба соккуларынан кеминде 34 түрк аскери каза болгондо Түркия артиллерия жана учкучсуз учактар менен Сириянын армиясына кыйраткыч соккуларды урган. Бул окуя Орусия менен НАТОнун мүчөсү болгон Түркиянын ортосундагы аскердик чатакка себеп боло жаздаган эле.

Ал эми Орусия Идлибдеги көтөрүлүшчү топтордун көбүн террористтик уюмдар катары тааныйт. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Түркия 2018-жылы өзүнө алган милдеттемелерин аткарууга шашпай жатканын сынга алган.

Мындан сырткары Эрдоган Түркиянын чек арасына жакын, бирок Сирия менен Орусиянын аскер күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактардан сириялык күрддөрдөн тазалоо маселеси боюнча Путинге кайрылары күтүлүп жаткан.

Анткени Анкара менен Москва 2019-жылы сириялык күрд жоочуларын чек арадан ары жылдырууну макулдашкан. Түркия өзүндөгү жикчил Күрд жумушчу партиясы сыяктуу эле андагы күрд жоочуларын террористтик топ деп эсептейт.

Ал эми азери-армян чатагын жөнгө салуу боюнча тараптар позицияларын такташып турганы менен бул маселеде дагы эки жээкте экени белгилүү.

Украина, Bayraktar, С-400

Анкара Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулбаганы менен Крым жарым аралын Украинанын аймагы катары тааный турганын жарыялаган. Түркиянын мындай позициясы жана анын Киев менен кеңири кызматташтыгы Орусияны бир топ чочулатып, анан кыжырына тийип келген.

Анкара Украинага Bayraktar учкучсуз учактарын саткан. Киев бул аппараттардан дагы сатып алып, Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге каршы колдонууну мерчемдеген.

Ошол эле кезде Түркия АКШнын каршылыгына карабастан орус газынын экспортун кеңейтүү жана С-400 орусиялык ракеталык системанын экинчи партиясын сатып алууну Москвага сунуштаган. НАТОнун мүчөсү болгон Түркия 2019-жылы Орусиядан С-400 ракеталык системасын сатып алганда АКШнын F-35 программасынан чыгарылып, анын бийлик өкүлдөрү санкциялык тизмеге киргизилген. Ф-35 программасына ылайык АКШ Түркияга аскердик учактарды сатмак.

АКШ НАТОго мүчө болуп туруп, Орусиянын ракеталык системаларын колдонуу Ф-35 программасына коркунуч туудурат деп эсептейт. Буга жооп кайтарган Түркия С-400 НАТОнун системасына кошулбастан өз алдынча иштетилерин билдирген.

Эрдоган АКШнын CBS телеканалындагы маегинде, АКШ Түркияга америкалык “Патриот” ракеталарын сатып алууга мүмкүнчүлүк бербей койгонун айткан эле. Ал Түркия АКШга 1,4 миллиард доллар которгону менен дагы деле Ф-35 үлгүсүндөгү аскер учактарына жетише электигин кошумчалаган.

С-400 коргонуучу системасын адистер дүйнөдөгү эң мыкты коргонуучу ракеталык системалардын бири деп тааныган.

Путин менен Эрдогандын 29-сентябрдагы жолугушуусунда бул маселе кандай чечилгени туюк бойдон калды.

XS
SM
MD
LG