12-октябрда Евробиримдиктин өкүлдөрү "Талибандын" делегациясы менен Катардын Доха шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Шейшембиде "Чоң жыйырманын" лидерлери да виртуалдык жыйынга чогулуп, Ооганстанга жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт.
Дохада Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушуу болоорун Ооганстандын "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки 11-октябрда билдирди. Ал Катардагы Жаңжалдарды жана гуманитардык маселелерди изилдөө борборунда сүйлөгөн сөзүндө талибдер бир топ өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын айтты.
Муттаки "Талибан" өкмөтү дүйнө менен позитивдүү мамиле түзүүнү көздөрүн, мындай алака Ооганстанды туруксуздуктан сактап каларын белгиледи. Ошондой эле талибдер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун ооган жергесиндеги бутактарына каршы күрөшөрүн убада кылды.
"Ооганстандын ислам эмираты ДАИШ ["Ислам мамлекети" террордук тобу] маселесин көзөмөлдөй алат. Дээрлик көзөмөлгө алды. Бул маселе боюнча позитивдүү жаңылыктарды айта алабыз. ДАИШтин топтору Ооганстанда бир топ жылдан бери бар. Алар кандай даярдык көрүшсө да, анын 98 пайызы зыянсыздандырылды", - деди Муттаки.
Оогандыктарды тооруган кризис
Мунун алдында "Талибан" кыймылы ооган бийлигин ээлеп алгандан бери биринчи жолу Дохада АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы 9-10-октябрдагы сүйлөшүү “ачык жана адискөйлүк” маанайда өткөнүн, анын өзөгүн гуманитардык жардам, коопсуздук, терроризм, ооган аялдарынын укуктары сыяктуу Ооганстанга байланыштуу талылуу маселелер түзгөнүн билдирген.
Вашингтондун өкүлдөрү Дохадагы сүйлөшүү “Талибандын” бийлигин таануу дегенди түшүндүрбөй турганын баса белгилешкен. 10-октябрда талибдер АКШ Ооганстандагы экономикалык жана гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн жардам жөнөтүүгө макул болгонун маалымдаган.
Евробиримдиктин "Талибан" менен 12-октябрдагы сүйлөшүүсүндө да Ооганстанды тооруп турган каатчылыкка өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө. Бир күн мурда Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел ооган эли жардамга муктаж экенин айткан.
"Ооганстандагы гуманитардык жана социалдык, экономикалык абал өтө оор. Норвегиядагы качкындар кеңешинин маалыматы боюнча, эгер жардам көрсөтүлбөсө, ушул кышта 1 миллион өспүрүм сууктан жана ачкачылыктан чарчап калышы мүмкүн. Биз күтүп отура албайбыз. Тез арада ишке өтүшүбүз керек", - деп билдирген Боррел.
Ооганстандагы кырдаалды экономикасы күчтүү дүйнөдөгү алдыңкы жыйырмалыкка кирген мамлекеттердин лидерлери 12-октябрдагы виртуалдык жыйында да талкуулаганы жатат. Италия төрагалык кылган бул жыйында Ооганстанга жардам көрсөтүү, коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана Батыш өлкөлөрү менен кызматташкан миңдеген оогандыктарды чыгарып кетүү маселесине көңүл бурулары күтүлүүдө.
Батыштын аракети, Кытайдын талабы
"Чоң жыйырмага" кирген Кытай Ооганстанга киргизилген экономикалык санкцияларды алып салууну, Батыштын банк эсептериндеги убактылуу чектөө коюлган, Кабулга таандык миллиарддаган доллардык каражаттын оогандыктарга кайтарылып берилишин ачык талап кылып жатат.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин виртуалдык жыйынга катышпай турганын жергиликтүү медиа жазды. Орус президенти Владимир Путиндин "Чоң жыйырманын" лидерлерине кошулары азырынча белгисиз. Бирок видео конференцияга АКШ президенти Жо Байден, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди сыяктуу башка лидерлер катышары күтүүлүүдө.
"Чоң жыйырманын" жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш да билдирүү жасаганы турат. Ал 11-октябрдагы сөзүндө ооган экономикасына "эл аралык мыйзамдарды бузбастан" жардам берсе болорун айтты.
"Мүлккө чектөө коюлуп, өнүгүүгө багытталган жардам токтоп, ооган экономикасы урап баратат. Банктар жабылууда, медицина сыяктуу маанилүү кызматтар көп жерлерде убактылуу токтоду. Биз экономиканы кайрадан дем алдыруунун жолдорун издешибиз керек", - деди Гуттериш.
15-августта Батыш тааныган ооган өкмөтү кулап, "Талибан" бийликке келгенден көп өтпөй Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечкен. Ошондой эле Вашингтон Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы эсептерине чектөө койгон. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Ооганстандын чет өлкөдөгү эсептердеги алтын жана валюта резерви 9 миллиард доллардан ашат.
Батыш мамлекеттерин "Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайбы" деген суроо тынчсыздандырып турат. Ошондой эле алар өлкөнү шариаттын негизинде башкарууну көздөгөн талибдерден адам укуктарынын, өзгөчө кыз-келиндердин эркиндигинин сакталышын талап кылып жатат. Бир катар донор өлкөлөр Ооганстанга жардам көрсөтүү маселеси, талибдердин сөзүнө эмес, кылган ишина жараша чечиле турганын эскертишкен.