Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

УКМК аткезчилик менен алектенген бажычылар кармалганын билдирди


Кармаган жүк ташуучу автоунаалар.
Кармаган жүк ташуучу автоунаалар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” темир жол бажысынын “Кара-Балта” каттоо бекетинин жогорку кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, 17-августта “Кара-Балта” бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу автоунаа кармалган. Текшерүү учурунда алар тиешелүү бажы көзөмөлүнөн өтпөй эле "Дордой" базарына келип жүктүн жарымын түшүргөнү аныкталган.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүктөгү фирмалык кийимдер бажыдан кездеме, жип, токулган кездеме жана пахта катары өткөнү аныкталган. Бул мыйзамсыз аракеттер жүктөрдү түшүрүү менен алектенген “ALG” ишканасынын кызматкерлери жана Бажы кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашкан.

Мунун кесепетинен мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Чыгым шектүүлөр тарабынан толтурулган. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG