Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Жаза аткаруу кызматы Аскаровдун өлүмү боюнча ишти тергей баштады


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча тергей баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын өкүлү Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна кабарлады.

"Азимжан Аскаровдун иши боюнча мурдагы чечимдер жокко чыккандыгына байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү жаңы иликтөөлөрдү баштады. Адвокаттардын айтуусу боюнча, иликтөөдө 2-3 киши суралбай калган. Жаңы тергөө ишине ошолор дагы кошулуп, толукталат", - деди Сабатарова.

Укук коргоочунун абактагы өлүмүнө байланыштуу иш 1-сентябрдан баштап тергеле баштаган.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Бул маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, укук коргоочуга байланыштуу ишти "калыс жана ачык тергөө зарыл" экени айтылган.

Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG