Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:40

Өспүрүм каза болгон Балдар үйүнүн директорун иштен четтетүү сунушталды


Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова өткөргөн жыйынга тийиштүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова өткөргөн жыйынга тийиштүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн тарбиялануучусу каза болгон окуяга байланыштуу 16-июнда жыйын өткөрүп, териштирүү жүргөнчө мекеменин директорун ээлеген кызматынан убактылуу бошотуу керек деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Балдар үйүндө өткөн жыйынга тийиштүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышканы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана илим министрликтеринин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо тууралуу чечим кабыл алынганын айтылды.

Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу анын бир тууганына жана бул Балдар үйүндө тарбияланып жаткан бардык балдарга психологиялык жардам көрсөтүлмөй болду.

Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмүн быйыл 1-июнда каттаган.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Мекеменин жетекчилиги окуя тууралуу азырынча өз комментарийин бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG