Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

УКМК Инанды кыргыз жарандыгын кантип алганын териштирип жатат


Орхан Инанды.
Орхан Инанды.

Дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын кантип алганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп жатат.

Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты.

“Орхан Инанды жарандык алганын текшерүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында ак же кара деп мыйзам чегинде чара көрүлөт”.

Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин, эл аралык “Ала Тоо” университетин, “Силк Роад” мектебин жана төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин түптөгөн адамдардын бири.

Ал 31-майдан бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.

Теги түркиялык мугалим 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле кезде Түркиянын да жарандыгынан чыккан эмес. Орхан Инандынын тарапташтары аны тезирээк табууну талап кылып Бишкекте бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүштү. (BTo)

XS
SM
MD
LG