Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

29.04.2021: Баткендеги соңку кырдаал


29.04.2021: Баткендеги соңку кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон турат. 28-29-апрелде болгон кагылышууларда үч жаран каза болду, 84 киши жараат алды. Каза болгондордун бирөө Лейлек районунан, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ал Баткен шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады. Тажикстандын чек ара мекемеси жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон турат. 28-29-апрелде болгон кагылышууларда үч жаран каза болду, 84 киши жараат алды. Каза болгондордун бирөө Лейлек районунан, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ал Баткен шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну 29-апрелде кечки саат сегизден тарта токтотуп, аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерине кайтаруу макулдашылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG