Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев чек арада абал туруктуу экенин, чыр чыккан аймактагы жаш балдар жана аялдар коопсуз жерге көчүрүлгөнүн айтты. Тулаев Ош-Баткен-Исфана жолу жакынкы учурда ачыларын кошумчалады.