Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

Талас дарыясына чөгүп кеткен эки жашар наристе табыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта сууга чөгүп кеткен наристени издөө бүгүн, 16-апрелде да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 15-апрелде жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу, милициядан 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, натыйжа болгон жок.

Кырсык Бакай-Ата районунда 12-апрелде кечке жуук болгон. Өзгөрүш айылында эки жашар бала Талас дарыясына чөгүп кеткен.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. 2020-жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек. (MKt)

XS
SM
MD
LG