Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

БШК: Шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу ыкмада бөлүштүрүлөт


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстандагы 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 59 саясий партия катышып, 11 782 талапкерди көрсөтүштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-апрелдеги брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, шаардык кеңештерде жалпы 796 депутаттык орун бар. Азыр бир мандат үчүн орто эсеп менен 14 талапкер ат салышып жатат.

"Шаардык кеңештердин депутаттарына добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмеси менен жүргүзүлүп, орундар шайлоочулардын добуштарынын 7% ашыгын алган партиялардын ортосунда, добуштардын саны боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Айылдык кеңештердин депутаттарына добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында ишке ашырылып, көп добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет".

БШК төрайымынын айтымында, учурда 420 айылдык кеңештердеги 7560 депутаттык орунга 18 772 талапкер катталды. Бир орунга эки же андан ашык киши атаандаш.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (NT)

XS
SM
MD
LG