Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, 27 жаштагы М.Ф. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Назира Имангазиева кабарлады.

Анын айтымында, 6-апрелде таңкы саат ондор чамасында Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен 34 жаштагы Х.И. аттуу жарандын сөөгү табылган.

Сотко чейинки териштирүү башталып, натыйжада кылмышка шектүү катары маркумдун жубайы, 27 жаштагы Х.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Тергөө учурунда алынган маалымат боюнча, каза болгон жаран мас болуп келип, аялын сабаган. Жаңжал учурунда кылмышка шектүү аял күйөөсүн бир нече ирет балка менен башка чаап, кан болгон далил буюмдарын Чоң Чүй каналына ыргытып, туугандарына кетип калган. Азыр тергөө иштери уланууда".

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Расмий маалымат боюнча 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов быйыл 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 фактыны каттоого алынып, анын 947си гана сотко өткөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG