Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Түрк инвестору билдирүү жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганын айтты


«Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу (солдо) өз кызматкери менен. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
«Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу (солдо) өз кызматкери менен. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Бишкектеги «Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу үчүнчү жолу видео кайрылуу жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганына даттанды. Ошол себептүү ал ашканасын жаап, Түркияга кайра кайтууга аргасыз болуп жатканын айтып, ыйлап, кыргыз-түрк бийликтерине жана коомчулукка кайрылды.

Өз билдирмесинде ал маркум депутат Алмазбек Акматов жана анын бир тууганы, мурдагы бажы кызматкери Эрнис Акматовдун менчик деп айткан жерин сүйлөшүп, кафе ачканын, ага баш-аягы болуп 750 миң доллардай инвестиция салганын, Акматовдорго ай сайын ижара акысын төлөп келгенин айтты.

Али Салих Ифлазоглу жаңы билдирүүсүндө да кафени бир туугандар тартып алганы жатканын билдирип, Кыргызстанда инвесторлор корголбой калганын ортого салды.

Түрк жараны Али Салих Ифлазоглу өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу улам кайрылып чыгып турат. Чоң кайрылуусун биринчи жолу 2020-жылдын май айында, экинчи жолку кайрылуусун быйыл февраль айында жасаган.

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов быйыл 28-февралда узак оорудан улам каза болгон. Ага чейинки билдирүүлөрүндө ал өзүнө карата дооматтарды четке кагып, Ифлазоглу тараптан мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын айтып келген эле. Эрнис Акматов бул боюнча билдирүү жасай элек.

«Адилет» укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскертти. Уюм мунун айынан ишкерлер чет жакка ооп жатканын белгиледи. Клиникасы келтирген жагдайлар тууралуу мурдараак бир катар Бизнес ассоциациялар, Эл аралык ишкерлер кеңеши жана Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту да коңгуроо каккан.

Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айткан. Президент Садыр Жапаров андан мурдараак эки жарлыгын ишкерчиликти коргоого арнаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG