Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Акылбек Жапаров: Жогорку Кеңештин депутаттары айлык алып жатышат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Бул маалыматты парламенттин депутаттары Дастан Бекешев, Акылбек Жапаров ырасташты. Жапаровдун сөзүнө караганда, эл өкүлдөрүн айлык бербей иштетүү тууралуу токтом Эмгек кодексине каршы келери белгилүү болду.

«Бир топ депутаттар айлыгын Жогорку Кеңештин ремонтуна, компьютер алууга берип келатат. Бир тобу алып атса керек. Эмгек кодекси боюнча биздин токтом өтпөйт экен. Ошондуктан ар бир киши бухгалтерияга барып кол коюп айлыгын тигил же бул ишке жумшаса болот. «Биз да революция кылганбыз. Биригип алып бир иштерди жасайбыз» деп адамдар келгенинен мен январь айынын айлыгын аларга берейин дегем. Мен айлык ала элекмин», - деди Жапаров.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ошол эле документ менен парламенттин VI чакырылышы мөөнөтүн узарткан. Эми кайра парламенттик шайлоонун датасы ушул жылдын июнь айына чейин аныкталышы керек.

Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров документ кабыл алынса эл өкүлдөрү 2021-жылдан баштап депутаттар айлык албай иштей турганын, бул сунушту мыйзамдын демилгечилери менен парламент комитеттери колдогонун билдирген.

Мыйзам талкууланып жатканда депутат Евгения Строкова өзү жана дагы айрым депутаттар айлыкка гана жашай турганын айтып, ага каршы чыккан.

Парламенттин VI чакырылышына 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-октябрда шайлоону өттү деп таап, алты партия Жогорку Кеңешке келген. Ошол жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы парламент алгачкы жыйналышын өткөрүп, конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.

Юристтер коомчулугу Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн узартып алышын мыйзамсыз деп баалап, ал кабыл алган документтер менен чечимдердин баары юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG