Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Кипр «алтын паспортко» байланыштуу паракорлукка чек коймокчу


Тестиер бала Кипрдин желегин булгалоодо. Никосия шаары. 2019-жылдын 1-октябры.
Тестиер бала Кипрдин желегин булгалоодо. Никосия шаары. 2019-жылдын 1-октябры.

Кипр 29-январда паракорлукка каршы күрөш реформаларынын чоң долбоорун ачыкка чыгарууну чечти. Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Кипр былтыр, жемкорлукка байланыштуу шектенүүнүн айынан инвестициялык программа үчүн жарандык сунуш кылуу программасынан баш тарткан эле.

Кипрдин паспортунун кубаты Евробиримдикте эркин жүргөндө өзгөчө билинет. 2019-жыл.
Кипрдин паспортунун кубаты Евробиримдикте эркин жүргөндө өзгөчө билинет. 2019-жыл.

Арал өлкөнүн президенти Никос Анастасиадес 28-январда сыналгы аркылуу кайрылуусунда жума күнү жарыяланчу чаралар «Кипр Республикасында жемкорлукка каршы эң кубаттуу калкан тармагын түзүш үчүн мурда эч болуп көрбөгөндөй кийлигишүүнү өзүнө камтыйт», деди.

2020-жылы ноябрда «Ал-Жазира» сыналгы каналы мурдагы парламент спикери Деметрис Силурис кылмыш ишине байланыштуу «куйругунда калбыры бар» деп шек саналган кытайлык ишкерге кипрдик паспорт алып берүүгө далалат кылып жаткандай көрүнгөн бир даректүү тасманы обого чыгарган. Ошондон кийин Кипр өкмөтү өлкөгө ири капиталдык салымдарды киргизген чет өлкөлүк байлар үчүн «алтын паспорт» берүү шартын жоюп салган.

«Ал-Жазиранын» былтыр августта обого чыгарган дагы бир материалында миңден ашуун орусиялык ишкерлер 2017–2019-жылдары ушундай «алтын паспортко» ээ болушканы чагылдырылган болчу. Булардын арасында орусиялык айрым жемкорлор жана башка кылмышкерлер Кипрдин паспорту аркылуу жалпы Евробиримдикте ээн-эркин жүрүүгө жана иштөөгө мүмкүндүк алып келишкени жоромолдонот.

Кипрдин «алтын паспортко» байланыштуу бул программасын Евробиримдик кескин сындап келген. Биримдиктин лидерлери Кипрде сатылган паспорттор чет өлкөлүк жарандарды өз өлкөсүндө жана башка жактарда салык төлөөдөн качууга түртүп, жемкорлукту көбөйтөт деп санааркаган пикирлерин билдиришкен.

Кипрдин бийлиги мындай дооматтарды четке кагып, бул программа мамлекетти банкроттуктан сактап калганын эске салып, ал эми мыйзамсыз инвестиция үчүн паспорт алынган учурлар иликтенип, аныкталса, анда мындай кишинин жарандыгы жокко чыгарыларын билдирген.

Европа Биримдиги Кипр өкмөтүнөн инвестициялык шарттар тууралуу өлкө эрежесин терең реформалоону талап кылып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG