Жума күнү президент Режеп Тайып Эрдоган элине кайрылып, Түркиянын тарыхында биринчи жолу 320 миллиард метр куб газ резервин өндүрөрүн кабарлады.
«Биздин «Фатих» бургулоочу кемебиз 2020-жылдын 20-июлунда баштаган «Туна-1» кудугунда бургулоо менен 320 метр куб газ корун тапты. Бул операцияны мамлекеттик мүмкүнчүлүктөр менен гана ишке ашырдык. Кудуктан алынган көрсөткүчтөр, ошол эле аймакта жаңы табигый газ корун табуу ыктымал экенин белгилеп жатат. 2023-жылы Кара деңиз газын элибизге пайдаланууга берүүнү максат кылабыз», - деди Эрдоган.
Ал элге сүйүнчүлөй турган нерсеси бар экенин алдын-ала маалымдап, ал кабар өлкөнүн келечегин өзгөртөрүн белгилеген. Президенттин кабарына өзгөчө Түркиянын Эрегли аймагынын тургундары катуу сүйүнүп, бул «табылга» ал аймактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт деген ишеничте турушат.
Эрдоган көгүлтүр отунду өндүрүүнүн концепциясы аныкталгандан кийин курулуш иштери башталарын айтты. Ал эми карапайым элге газ 2023-жылдан баштап жетерин баса белгиледи.
Өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын канааттандырыш үчүн импортко толук көз каранды болгон Түркия Кара деңизде жана Жер Ортолук деңизинде чалгындоо иштерин тынымсыз жүргүзүүгө мажбур. Буга чейин Түркиянын бул деңиз бассейндериндеги ондогон чалгындоо иштерине Грекия менен Түндүк Кипр нааразы болгон.
Анкара болсо Кара деңизде табигый газ өндүрүп, Орусиядан, Ирандан жана Азербайжандан газ импортунун көлөмүн азайтууну көздөйт. Бул Түркиянын экономикалык абалын кыйла оңдоп, түрк лирасынын нарксызданышын басаңдатууга мүмкүнчүлүк берет.
Бир катар серепчилер белгилегендей, Кара деңиздеги газды пайдаланыш үчүн он жылга жакын убакыт жана миллиарддаган доллар инвестициялар талап кылынат.
«Энержи Репортерс» басылмасынын редактору Жон Боулус Түркия келечекте газ экспорттош үчүн кошумча «инфратүзүмдүк чыгымга» кабылышы мүмкүн экенин жазып чыкты:
«Айтылган газ резервин өндүрө башташ үчүн кеминде төрт-алты жыл талап кылынат. Газга болгон суроо-талап жана анын баасы учурда өтө төмөн. Алдыдагы 3-4 жылда газга болгон талап азайышы мүмкүн. Эгерде түрк газын ыкчам өндүрүп чыгышса анда дүйнөлүк рынокто өз баасын табат деп ойлойм».
Ал эми Түркиянын «Мугла Сыткы Кочман» университетинин эл аралык мамилелер факультетинин доценти Сердар Йылмаз «Кара деңизден табылган газ кору Борбор Азия чөлкөмүнө кандай таасир тийгизет?» деген суроого жооп издейт.
«Бул кырдаал кыска мөөнөттө Борбор Азияга таасирин тийгизбейт. Себеби табылган газ резервинин көлөмү өтө эле аз. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кара деңизге тиешеси жок. Эми Түркия мындан кийин кандай жол менен кетерин байкашыбыз керек. Өзгөчө түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери бул кабарга кандай реакция кылды, ошону байкашыбыз абзел. Анткени карапайым эл өз жашоосу менен убара. Ал эми бул ачылыш түрк тилдүү мамлекеттердин келечекте күчтүү биримдик түзүшүнө мүмкүнчүлүк берет».
Эрдогандын кабарын дүйнөлүк басма сөз да кеңири чагылдырды. Грекиянын «Skai News», Орусиянын «Спутник» маалымат агенттиктери Эрдогандын «аймакта табигый газ ресурстарынын дагы көп болушу ыктымал» деген билдирүүсүнө көңүл бурду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын «The Nation» агенттиги болсо «Түркия Кара деңизде газ тапты» деп билдирди.
Түркиянын газ табылган Эрегли аймагы Кара деңизде Болгария жана Румыния менен чектешет. Түркия жылына орто эсеп менен 40 миллиард долларлык газ импорттойт. Түрктөр Азербайжандан, Орусиядан, Ирандан, Катардан жана Алжирден эң көп өлчөмдө газ сатып алат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.