Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

COVID-19: мамлекет жапырт эмдөөгө даяр эмес


Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай айларында башталышы мүмкүн
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай айларында башталышы мүмкүн

Коронавирустун клиникалык кароодон өткөн бардык сегиз вакцинасын сактоо үчүн Кыргызстанда муздаткыч жок. 

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө качан башталат? Кайсы өлкөнүн вакциналары кириши мүмкүн? Алардын сапатын текшерүү ишке ашабы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баш катчысы Тедрос Адханом Гебрейесус 18-январда өткөн басма сөз жыйынында COVID-19 оорусуна каршы эмдөө дүйнөдө бир кылка, тегиз ишке ашпагандыктан, бай өлкөлөрдүн калкы биринчи эмделип, жакыр мамлекеттерге вакцина жетпей калуу коркунучунан коронавирус пандемиясы дагы узак убакытка созулушу мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызстанга азырынча коронавируска каршы бир да вакцина кире элек. Бирок калк арасында анын пайда-зыянына байланыштуу талаш-тартыш башталды.

Муздаткыч жок, вакцина келбейт...

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө башталды. Январдан тартып Европанын бир топ өлкөлөрүндө, АКШда, Кытайда, Орусияда, Түркияда, Бразилияда жапырт эмдөө жүрүп жатат.

Коронавирустун вакцинасы азырынча Кыргызстанга келе элек, бирок эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина сунушталды. Алардын биринчиси - «Pfizer» компаниясынын вакцинасы.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, вакцинаны алуу үчүн аны сактоого талап кылынган -70 градустук муздаткычтар жок. Ушундан улам усунуш кылынган вакцинадан азырынча баш тартып жатышат.

«Бизге «Pfizer компаниясынын вакцинасын сунушташты. Бирок, биз аны алардан мурда кабыл алуу шарттарын карап чыгышыбыз керек. Аны сактай турган атайын жайларды даярдап, эмдөөнү өтө тез убакытта ишке ашырууну пландоо маселеси турат. «Pfizer чыгарган вакциналарды колдонуу үчүн бизде атайын -70 градустук муздаткычтар болушу зарыл экен. Тилекке каршы, мындай муздатуучу шарт бизде азырынча жок. Бул жагдайды терең изилдеп чыгып, сактоого тиешелүү шарттарды тузгөндөн кийин гана эмдөө башталышы мүмкүн».

Министрликте азыр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекитип, улуттук эмдөө календарына кирген беш негизги вакцинаны сактоого гана ыңгайлашкан, +2, +8 градустук муздаткычтар бар. Ал эми коронавирустун клиникалык кароодон өткөн бардык сегиз вакцинасын сактоо үчүн кеминде -40 градустан жогору эмес муздаткычтар талап кылынууда.

Ушундан улам адистер бул вакцина Кыргызстанга 2021-жылдын июнь айына чейин келбейт деп айтышууда. Алдын ала божомолдор боюнча коронавируска каршы вакцинация өлкөдө быйыл жай айларында толук шарттар аткарылганда гана башталышы мүмкүн.

Вакцинанын терс таасири байкала элек

Ал арада январь айынан тартып Түркияда Кытай чыгарган вакцинаны массалык түрдө колдонуу башталды. Кытайдан Түркия бир нече миллион доза вакцина сатып алды.

Эржиес университетинин микробиологу, профессор Зафер Гөнүлалан бир нече күн мурда коронавируска каршы Кытайдын вакцинасынын биринчи дозасын алды.

Зафер Гөнүлалан
Зафер Гөнүлалан

Анын айтымында, 21 күндөн кийин экинчи дозасын сайдырат. Түркиядагы медициналык жана вирус менен байланышы бар калкты тейлеген 840 миңден ашуун киши эмдөөнүн биринчи айлампасынан өттү.

«Мен бир нече күн мурда эмделдип, кандайдыр бир тескери таасирин байкаган жокмун. Тааныштарымдын көбү эмделишти, алардан деле кандайдыр бир күтүүсүз реакция көрө алган жокмун. Бирок, кичине дене табым көтөрүлүп барып, кайра эле калыбына келип калды. Аны деле көп байкабай калдым. Негизи эле бул вакцинанын тескери таасири тууралуу өтө аз илимий эмгектер бар да. Ал классикалык түрдө иштелип чыккандыктан, технологиясын өзүм да жакшы билемин. Ошондуктан, коркпой эле сайдырдым десем болот».

Ошондой эле Түркияда азыр өзүнүн улуттук вакцинасын иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатышат. Орусияда жогоруда айтылгандай, 18-январдан тарта жапырт эмдөө башталды. Бирок ага чейин эле «Спутник В» вакцинасын өз эрки менен сайдыргандар болгон. Алардын бири москвалык юрист Виктор Зыков менен байланышып, вакцинанын кандайдыр бир терс таасирин байкадыңызбы деп суроо салдык:

«Мен «Спутниктин» эки дозасын тең сайдырдым. Эки жолу тең эч кандай терс реакцияны байкабадым. Оор же жеңил кандайдыр бир саламаттыгымда өзгөрүү болгон жок. Бирок, клиникалык изилдөөлөр боюнча эмделген калктын болжол менен 1 пайызында кандайдыр бир өзгөрүүлөр катталат экен. Айрымдарынын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Эми муну бизге эмдөөгө карата организмдин реакциясы, эч кандай деле коркунучтуу көрүнүш эмес деп жатышат».

Анткен менен Орусия жугуштуу ооруларга каршы эмдөө боюнча эл аралык COVAX тутумуна кирбейт. Кыргызстан бул тутумга мүчө болгондуктан, Орусиядын вакцинаны эл аралык сапат сертификаты жок ишке ашырышы мүмкүн дешет адистер. Сапат демекчи, Республикалык иммунопрофилактика борборунун базасында Кыргызстанга сунушталган вакциналардын дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүүсүн иликтеген атайын илимий топ түзүлдү.

Анткен менен Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Айгүл Жакупбекова гуманитардык жардам катары келчү вакциналардын сапаты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун лицензиясы менен коштолсо эч кандай текшерүүсүз эле колдонуларын айтууда:

«Биздин өлкөгө гуманитардык жардам аркылуу келген вакциналарды текшербейбиз. Ал эми сатып алынгандарды карап чыгабыз. Донорлор берген жардамды текшере албайбыз».

Вакциналардын сапаты

Кыргызстанга сунушталган «Pfizer» жана «BiOntech» компаниялары чыгарган вакцинанын таасирин 95% деп эсептешкен. Эки дозада сайылат, баасы бир дозага 20 АКШ доллары.

Оксфорд университети менен «AstraZeneca» компаниясы чыгарган вакцинанын таасири 62-90% деп эсептелген. Эки дозада сайылып, бирөөнүн баасы 4 доллар.

Кытайдын «Sinovac» компаниясы чыгарган вакцинанын таасири 50-70% деп эсептелди, үч дозада сайылат, баасы 5 доллардан.

«Moderna» компаниясынын вакцинасынын таасири 95%, эки дозада сайылып, 33 доллардан.

Орусиянын «Спутник В» вакцинасынын таасири 91,4% деп эсептелди, эки дозада сайылып, 10 доллардан.

«Johnson&Johnson» компаниясы январдын аягында вакцинасын чыгарат. Андыктан таасири тууралуу азырынча сөз жок, үч дозада болуп, ар бири 10 доллардан сатылары божомолдонууда.


Вакцинанын сапаты боюнча баа берген вирусолог окумуштуу Зуридин Нурматов вакциналардын баасы өтө жогору болгону байгер мамлекеттердин бир чети пайда табуу аракети катары да түшүндүрдү:

«Мына вакциналардын ичинен эң арзаны болгон Орусияныкын эле алсак, эки дозага 20 доллар болуп жатат, аны 2 миллиардга көбөйтсөк, 40 миллиард доллар болуп жатпайбы. Азыр В. Путин, Жо Байден сыяктуу дүйнөлүк лидерлер өзүлөрү чыгарган вакцинасын мактап, сыртка сатуу менен бул багыттагы киреше өз өлкөсүндө калуусун көздөйт. Бул жерде да киреше табуу кызыкчылыгы бар. Эми аларды бир чети түшүнсо болот. Бирок алар бир создү айтпай жатышат, бул вакцина акыркы версия эмес, эксперименталдык, тажрыйба түрүндөгү чыкканы деши керек эле. Себеби, дүйнөдө чыккан бир да вакцина толук кандуу текшерилип, алардын таасири үч этаптан өтө элек».

20-январга карата Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза болду. 162 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1392 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 83430 адамга жетти.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG