Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:15

Дүйнө лидерлери биотүрдүүлүктү коргоого чакырышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө лидерлери 11-январда Парижде өткөн «Бир планета» саммитинде жер бетиндеги биотүрдүүлүктү коргоого үндөштү. Анын алкагында өнүккөн мамлекеттер жана эл аралык банктар алдыдагы төрт жыл ичинде «Улуу жашыл дубал» курууга 14,32 миллиард доллар бөлүп берүүгө макул болушту. Аталган дубал Африканын түндүгүндөгү Сахел аймагын чөлгө айланып кетишинен коргоого багытталган.

Сахара чөлүнүн аянтынын өсүшү анын тегерек-четинде жашагандарды жакырчылыкка алып келип, ал жактан көчүп кетүүгө аргасыз кылууда.

Жаңы долбоор Атлантика океанынан Кызыл деңизге чейинки 8000 чакырымдай аймакты камтыйт. Демилгечилердин айтымында, ал аймакты жашылдандырып, туруктуу экосистемаларды түзүү каралган.

Виртуалдык жыйынды Франциянын президенти Эммануэл Макрон жетектеди. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш жана Европа борбордук банкынын президенти Кристин Лагард жана башка лидерлер катышты.

XS
SM
MD
LG