Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кара-Суудагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды


Оштун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, 45 жаштагы жергиликтүү аткаминер 6-январда кармалган. Ал Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөнү айтылууда. Андан тышкары, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат берген.

Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу базарынын эсебинен Кыргызстандагы эң бай деп эсептелген беш айыл өкмөттүн бири болуп саналат. Айыл өкмөттүн казынасы 100 миллион сомдон ашык болгонуна карабай, айылда таза суу, жол, электр, канализация, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык маселелер чечилбей келатканын журналисттер жазышкан.

Айыл өкмөттүн башчысы - Замир Тургунбаев. УКМКнын маалыматында кармалган аткаминердин аты-жөнүнүн баш тамгалары (Т.З.Ж.) берилген. Ал Тургунбаевдин ысымына жана фамилиясына дал келүүдө.

2018-жылы Сарай айылдык кеңешинин бир топ депутаттары айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранып президентке кайрылышкан.

Замир Тургунбаев жана анын жакындары менен байланышуу мүмкүн боло элек. (SE)

XS
SM
MD
LG