Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Кытайда коронавирустан жапырт эмдөө башталды


Тяньцзинь шаарындагы лаборатория. Кытай. 2020-жылдын 23-ноябры.
Тяньцзинь шаарындагы лаборатория. Кытай. 2020-жылдын 23-ноябры.

Коронавирустун жайылышы азайбай жаткан чакта, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жапырт эмдөө башталды.

Кытайдын борбору Бээжин шаарында вакцина алыш үчүн миңдеген адам кезекке турду. Кытай чыгыш жылнаамасы боюнча келерки айда Жаңы жыл майрамын белгилейт, өлкө бийлиги ошого карата миллиондогон адамды эмдегени жатат.

Жыл жаңырар алдында КЭРдин саламаттык сактоо органы жергиликтүү «Sinopharm» фармацевтикалык компаниясы жасаган вакцинаны колдонууга уруксат берген. Препарат 79% чейин натыйжалуу экени айтылган.

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга өкмөт дүйшөмбүдө Токиого өзгөчө абал жарыялоо маселесин карай турганын билдирди. Өлкөнүн борборунда оору жуккан учурлар көбөйүп, ооруканалар толуп калды. Жапонияда 31-декабрда 4,5 миңден ашык учур катталды.

Жапонияда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал өткөн жылдын башында жарыяланып, бир айдан ашыгырак убакыт созулган. Бул өлкө оору менен натыйжалуу күрөшкөн мамлекеттердин катарында турган. Пандемиянын айынан былтыр Токио Олимпиадасы өтпөй калган.

Премьер-министр Суга жайкы Олимпиада быйыл өтөрүн, ал эми келерки айдын аягынан тартып өлкөдө жапырт эмдөө баштала тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG