Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

12 республикачы сенатор Байдендин шайлоодогу жеңишине каршы чыгат


АКШ Конгрессинин 2020-жылдын 5-февралындагы отурумунан көрүнүш. Бул отурумда Д.Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунуш четке кагылган. Капитолий, Вашингтон, АКШ.
АКШ Конгрессинин 2020-жылдын 5-февралындагы отурумунан көрүнүш. Бул отурумда Д.Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунуш четке кагылган. Капитолий, Вашингтон, АКШ.

АКШ Конгрессинин жаңы чакырылышы адаттан тышкаркы саясий кырдаалда өз ишин баштоодо. АКШ Сенатынын 11 республикачыл сенаторлору менен сенаторлукка жаңы шайланган бир мүчөсү жана Өкүлдөр Палатасынын айрым конгрессмендери Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңгенинен күмөн санап турганын билдиришүүдө.

Алар 6-январда АКШ Конгрессинин жалпы отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын баяндамасы парламентке расмий тааныштырылган кезде Байдендин жеңишине каршы пикирлерин айтууга камынып жатышат.

АКШ Конгрессинин жаңы курамы 3-январдан тартып ыйгарым укуктарына ээ. Ал эми 6-январдагы отурумда Конгресс Жо Байдендин жеңишин Баш мыйзамдын эрежесине ылайык расмий түрдө тастыктайт.

Ал эми республикачылардын азчылык тобунун Байдендин жеңишине каршы чыгып сүйлөшү быйыл 20-январда анын президенттик кызматка киришине эч кандай бөгөт коё албасы да алдын-ала белгилүү. Бирок бул азчылыктын күтүлгөн иш-аракетин демократ конгрессмендер эле эмес, айрым республикачы конгрессмендер да элдин шайлоо аркылуу тастыкталган тандоо укугун жокко чыгаруу далалаты катары кескин сынга алышты.

Байдендин жеңишине каршы чыгып жаткан бир ууч конгрессмендер да, өзүнүн жеңилгендигин мойнуна алгысы келбей жаткан президент Дональд Трамп да олуттуу жүйө болчу маалыматтарды эмгиче жарыялашкан жок.

АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

3-январда «Washington Post» басылмасы калайык бүйүрүн кызыткан маалымат жарыялады. Анда ишемби күнү президент Трамп Жоржия штатынын мамлекеттик катчысы, республикачы Брэд Раффенспергер менен бир саатча маектешип, андан бул штаттагы шайлоо жыйынтыгын өз пайдасына кайра санап чыгууну сурангандыгы баяндалат.

Трамп мырза: «Карап көрсөңүз, мен мына мындайча каалайм. Мен 11780 добуш табууну, биздин колубузда болгондон бир добушка көп болсо да табууну каалайм. Анткени биз бул штатта жеңип чыкканбыз», – дегендиги тууралуу алиги басылма билдирет.

«Америка доошу» азырынча Трамптын тарабы да, Байдендин тарабы да бул маалыматка карата өз пикирлерин билдире элек экенин жазды.

Ал эми АКШнын Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында демократ Жо Байдендин 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктап добуш берген. Дүйнө өлкөлөрүнүн бир катар мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары былтыр эле Байденди жеңиши менен куттукташкан. (TT)

XS
SM
MD
LG