Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Путин АКШнын шайланган президенти Байденди жеңиши менен куттуктады


Архивдик сүрөт. Москва, 10-март, 2011-жыл.
Архивдик сүрөт. Москва, 10-март, 2011-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Жо Байденди АКШнын президенттигине шайланышы менен куттуктады. Байден бир ай мурун алдын ала санактарга негизделип, жеңүүчү деп жарыяланган жана дүйнө лидерлеринин көпчүлүгү ага куттуктоолорун жиберген.

Путин куттуктоо телеграммасын 14-декабрда АКШнын Шайлоочулар коллегиясы Байдендин утушун бышыктагандан кийин жөнөттү. Байденди коллегиянын 306 мүчөсү колдоду, атаандашы, президент Дональд Трампка 232си добуш берди.

2016-жылы Путин Трампты шайлоо аяктары менен, шайлоочулар коллегиясынын добуштарын күтпөстөн куттуктаган.

Кремлдин сайтында айтылгандай, орус мамлекет башчысы жаңы шайланган президентке ийгилик каалап, «глобалдык коопсуздук жана туруктуулук үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөн Орусия менен АКШ пикир келишпестиктерге карабай дүйнө туш болуп жаткан бир топ маселелерди чечүүгө салым кошо алат» деген үмүтүн ортого салды.

Трамптан айырмаланып, Байден вице-президент кезинде да Путинди сындап Москванын Украинага жана башка коңшуларына карата саясатын терс баалап жүрдү.

Байден эмки 20-январда АКШнын 46-президенти катары ант бермекчи.

XS
SM
MD
LG