Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Өзгөндө милицияга кол көтөргөн жаранга карата сотко чейинки териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөн шаарында 27-декабрь күнү Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерине кол көтөргөн жаранга карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда 27-декабрда Өзгөн шаарындагы Гагарин жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу милиция кызматкеринин буйругуна баш ийбей, ага кол көтөргөн.

Окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») менен сотко чейинки териштирүү ишин ачкан. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкеринин жараатын аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда. (DU)

XS
SM
MD
LG