Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Секелекти зордуктоого шектүү өкүмгө макул эмес


 Сүрөт: Lyubov Moiseenko.
Сүрөт: Lyubov Moiseenko.

Ош облусунун Ноокат райондук соту алты жаштагы кызды зордуктаган кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Соттолуучу чечимге макул болбой, облустук сотко кайрылды.

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете электерге карата сексуалдык ыдык көргөзгөн окуялар көп катталууда.

Оштогу кризистик борборлордун маалыматында жакындары зомбулук көрсөткөн секелек кыздардын окуясын туугандары ачык айтпай, жаап-жашырып келет.

Ош шаардык жана облустук милициясы Жазык кодексинин «зордуктоо» беренеси менен 2019-жылы 66 учурду каттаган. Бул жаатта иштеген адистердин айтымында, мындай окуялар көп учурда милицияга жетпей эле бүтүп калат.

Ушул жылдын 5-августунда Ноокат районундагы айылдардын биринде алты жаштагы кызды 31 жаштагы киши зордуктап, милицияга кармалган. Райондук сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова билдирди.

«Ноокат райондук сотунун 2020-жылдын 13-ноябрындагы өкүмү менен кылмышка шектүү Жазык кодексинин 161-беренеси ("зордуктоо") боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта калтырылып, жаза өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 5-августунан баштап эсептелинген».

Сагынбекова соттолуучу райондук соттун өкүмүнө макул болбой, апелляциялык даттануу менен 17-декабрда Ош облустук сотуна кайрылганын кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Өз атасынан төрөгөндөр»...

Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова Ноокаттагыдай сотко чейин жеткен иштер сейрек, секелек кыздардын көбүн өз жакындары зордуктап, атайын органдарга кайрылбай, жаап-жашырууга аракет кылат деген пикирде.

«Жашырган материалдар абдан көп. Жашырып, ачыкка чыгарбай жүрүп абдан көбөйтүп алдык. Анонимдүү болгону үчүн кризистик борборго абдан көп жарандар кайрылат. Болгондо да, секелек 14 жашка чейинки кыздар. Өзүнүн атасынан боюнда болуп калган канча кызды төрөттүк. Алар балдарынан баш тартты. Биздин мыйзамдын алсыздыгыбы, начар иштегениби же аны сыйлабагандыкпы же адамдардын аң-сезими ушунча тайкыбы!? Маселе ошол мыйзамдын аткарылбай, зөөкүрлөрдүн кылган кылмышына жараша жаза албай жаткандыгында».

2019-жылы «Ак жүрөк» кризистик борборуна жашы 14кө жете элек 12, быйыл 14 кыз зордукталганын айтып кайрылган. Аларга мекеме ар түрдүү жардам көрсөткөн.

Асылбекова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууга мамлекеттик деңгээлде жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып келет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы аппаратынын үй-бүлөнүн, балдардын жана аялдардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова секелек кыздарды зордуктагандар, үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөр жазасыз калган учурлар көп экенин четке какпайт. Ошондой болсо да жогорудагы жана башка окуяларды аппарат көзөмөлдөп жатканын билдирди.

«Биз ошол зордук-зомбулук болобу, балага карата кандайдыр бир укук бузуулар болобу мыйзамга ылайык сөзсүз көзөмөлгө алып жатабыз. Ички иштер министрлиги, башка мамлекеттик органдар тарабынан өзүнүн милдеттерин так аткарбастан, ишти жаап койгон же соттор туура эмес чечим чыгарган учурлар болуп жатат. Биз Акыйкатчы аппараты тарабынан сотторго мониторинг жүргүзөбүз».

Зордукталган 13 жашагы кыздын окуясы

11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы адамдын жазасын жеңилдеткен.

Сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоого айыпталган дагы эки кишини актаган.

Кыздын адвокаты жана атасы судьянын чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришкен. Акыйкатчы аппаратынан да окуя көзөмөлгө алынарын, Райондук соттун чечимине макул эместигин айтып, маалымат таратышкан.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылып, виртуалдык митинг өткөрүшкөн. Ал арада БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) бул иш боюнча адилеттүү чечим чыгышын талап кылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча «зордуктоо» беренеси менен 2018-жылы 106, 2019-жылы 55 киши жазага тартылган.

Секелек кыздар зордукталган учурлар

  • 16-июлда Ноокен райондук соту 10 жаштагы кызды зордуктаган 20 жаштагы кишини өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан. Милициянын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 28-январында жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки саат беш чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген.
  • 1-сентябрда Ош милициясына 30 жаштагы бир тууган иниси 12 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү тууралуу арыз түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
  • Ноябрь айында Жалал-Абадда бир тууган карындашын зордуктаган жаран 20 жылга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, быйыл 20-июлда Сузак районунда 15 жаштагы өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Ал бир тууган агасы былтыркы жылдын күзүндө мас абалда зордуктаганын, эртеси кечирим сураганын айткан.
  • 18-ноябрь күнү Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын милицияга билдирген. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастаган.

XS
SM
MD
LG