Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Конституциялык кеңешмедеги 21 депутаттын үчөө гана талкууга катышып жатканы белгилүү болду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамындагы парламент депутаттарынын дээрлик көпчүлүгү кеңешменин жыйындарына катышпай жатат. Бул тууралуу 3-декабрда кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, кеңешмеге кирген 98 адамдын 28и мамлекеттик кызматкер. 28дин 21и Жогорку Кеңештин депутаты.

Кеңешменин мүчөсү, мурдагы депутат Эсенгул Исаков жыйынга катышпай жаткандар жоопкерчиликтен качып жатканы тууралуу оюн айтты:

«Үч эле депутат катышып жатат. Катышпагандар же арыз жазып кетиши керек, себеби сунушу барлар, иштөөнү каалагандар бар. Эртең мыйзам жакшы жазылса алар «биз да бар болчубуз» дейт, жаман жазылса «жок болчубуз» дешет. Жоопкерчиликти тең алыш үчүн алар же жок, же бар болушу керек».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Долбоордун автору 80 депутат экени айтылган, кийин айрымдары авторлуктан баш тартып, ал долбоорду жазбаганын жана көрбөгөнүн айтып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG