Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Серб православ чиркөөсүнүн башчысы коронавирустан каза болду


Патриарх Ириней.
Патриарх Ириней.

Сербияда правослов чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Ириней 90 жаш курагында коронавирустан көз жумду. Өлкөнүн президенти Александр Вучич «Инстаграмдагы» баракчасына «Сиздей адамдар эч качан өлбөйт» деп жазды. Ириней 4-ноябрдан бери ооруканада жаткан жана өлөр алдында өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка туташтырылган.

Консерватор, саясий таасири күчтүү Ириней Серб православ чиркөөсүн 2010-жылдан тартып жетектеп жаткан. Ага оору Черногориядагы серб православ чиркөөсүнүн башчысы, митрополит Амфилохийдин тажыясына катышкандан кийин жуккан. Амфилохий 30-октябрда 82 жаш курагында коронавирустан мерт болгон.

Анын Подгорицадагы тажыясына миңдеген адам келген. Өлүк салынган табыт ачык коюлуп, келгендердин көбү беткап тагынбай, ортодогу аралыкты сактабай жүргөн. Айрымдары маркумдун колун өбүү сыяктуу карантин чаралары эске алынбаган диний жөрөлгөлөрдү жасашкан.

Сербияда соңку бир күндө оору дагы алты миңден ашык адамдан табылып, 29 бейтап жан берди. Жети миллион эл жашаган бул өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус болгондордун жалпы саны 104 миңге чамалап, 1100дөн көп бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG