Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Кесиптик кошуундар жаңы мыйзамга нааразы


Кесиптик кошуундардын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышты. 2020-жылдын 12-ноябры.
Кесиптик кошуундардын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышты. 2020-жылдын 12-ноябры.

Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияга чыгышты. Алар документ оңдолсо уюмда жемкорлукка жол ачылып, мүлктөр сатылып кетерин белгилешүүдө.

Нааразылыкка чыккандар мыйзам долбоорун федерациянын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов менен анын аялы, депутат Гүлкан Молдобекова жылдырып жатат деп эсептейт. Экинчи тарап муну төгүндөөдө.

Нааразылыктын жаңы учкуну

Жаңы мыйзам долбооруна карата нааразы болгон 200дөн ашуун киши 12-ноябрда Кесиптик кошуундар федерациясынын Бишкек шаарындагы имаратынын алдында нааразылык акциясына чогулду.

Алар андан ары өкмөт үйүнө жана парламенттин имаратына жүрүш жасап, депутаттардан мыйзамды кайра чакыртып алууну талап кылышты. Чогулгандар атайын басма сөз жыйынын да өткөрүштү.

Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов документ парламентте регламентти бузуу менен каралып жатканын билдирди. Ал эгер мыйзам кабыл алынса, кесиптик кошуундардын мүлкүн рейдерлик жол менен басып алууга жол ачыларын, федерация ыдырап жок болорун белгиледи.

Элдияр Карачалов жана анын тарапташтары басма сөз жыйынында. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Элдияр Карачалов жана анын тарапташтары басма сөз жыйынында. 12-ноябрь, 2020-жыл.

«Биринчиден, булар мыйзамды эч кандай коомдук угуудан өткөрүшкөн жок. Формалдуу түрдө өткөрүмүш болушту, бизди катыштырышкан жок, оюбузду угушпады. Парламенттин регламентин кайра-кайра бузуп, алып келишти. Экинчиден, мыйзам кабыл алынса, студенттер жана пенсионерлер мындан ары кошуунга мүчө боло албай калат. Андан сырткары Федерациянын башкы органы кеңешке 35 жаштан 65 жашка чейинки гана адамдар кире алат деп жатат. Бул Конституцияга каршы келет. Облустардагы жетекчилердин баарын мүчөлөр өздөрү эмес, Федерациянын башчысы бекитип калат экен. Мындан сырткары биздин Федерацияга кирбеген Кесиптик кошуундардын баарын жоюп, аларды эркинен сырткары биздин Федерацияга мажбурлап кошот экен. Бул чырлуу мыйзам кабыл алынса, жалпы Кесиптик кошуунду талкалоого алып келет. Бул ошол мыйзамдын артында турган адамдарга бизди ыдыратып, аны жок кылууга шарт түзөт. Ал ыдырап жок болсо, 750 миңдей кызматкер коргоочусуз, жеңилдиксиз калат».

Нааразылыкка чыккандар мыйзам долбоорун парламенттин тогуз депутаты иштеп чыкканы менен, Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакунов менен анын аялы, депутат Гүлкан Молдобекова киргизип жатат деп эсептешет.

Буга Жогорку Кеңештин мыйзам каралып жаткан Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде Молдобекова төрайым экени жүйө келтирилет.

Ишкерчилик жана туризм кесиптик кошуунунун төрагасы Рыспек Кадыралиев буларга токтолду:

Кыргызстан Кесиптик кошуундарынын федерациясы.
Кыргызстан Кесиптик кошуундарынын федерациясы.

«Асанакуновду биз ошол ишинен кууп чыкканбыз. Молдобекова ал мыйзамды киргизип, кайра өзүнүн күйөөсүн алып келүүнү көздөп жатат. Ал кайра келсе каалаган кишисин кызматтан алат, каалаганын коё баштайт. Дагы бир нерсе бизде мүлктү алып-сатуу маселеси жалаң кеңештин чечими менен гана кабыл алынат. Бул мыйзам өтсө жетекчи каалаган мүлкүн өз алдынча сатууга жол ачылат. Азыр бизде санаторий, пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн баарын кошондо 10-12 мүлк бар. Андан сырткары башка мүлктөр да бар. Ошолордун баарын сатып жиберүү коркунучуна кептелебиз. Ансыз да эгемендик алгандан бери канча мүлктү сатып жиберишкен, анын айрымдарын кайра араң кайтарып алганбыз. Бүгүн башаламандыктан пайдаланып Гүлкан Молдобекова кайра ушуга алып баратат. Себеби, мамлекетте андай мүлк жок, Кесиптик кошуунда гана ушундай байлык калды, ошого көз артып жатышат».

Кыргызстанда 1998-жылы кабыл алынган «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамына андан бери бир катар алымча-кошумчалар киргизилген.

Жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү 2019-жылы бир нече депутаттар тараптан демилгеленген. Натыйжада былтыр июнда тармактык комитетте биринчи окуудан өткөн. Анда да нааразылыктар менен коштолгон.

Мыйзам быйыл апрель айында экинчи окуудан кабыл алынып, үчүнчү окууга жөнөтүлгөн. Айрым сын-пикирлерден улам кайра экинчиге кайтарылган.

Өлкө саясий кризиске кептелип, жарым-жартылай төңкөрүш ишке ашкандан кийин жогоруда белгиленген комитетте 5-ноябрда кайрадан экинчи окуудан өтүп кеткен. Кесиптик кошуундардын өкүлдөрү ошондон бери каршылык акцияларын уюштуруп келет.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Кожобек Рыспаев нааразы болгондордун дооматын төгүндөп, мыйзам аталган тармакты реформа кылууга багытталган дейт.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

«Алардын бардык айыптоосу кур доомат. Кесиптик кошуундарга ушул кезге чейин чейин иштегендер, чал-кемпир болуп калгыча жумуштан кетпей жүрө бергендер ушуга алып келди. Алар элдин чогулткан акчасын жыргап жеп, курортторду оңдобой, өздөрү эс алып жүрө берип, нечендеген кылмыш иштери козголуп жаткандыктан ушул мыйзам келип чыкты. Мен билгенден эле 52 кылмыш иши бар. Ар кимиси ар кайсы тармакты ээлеп, өз көмөчүнө күл тартат экен. Федерациянын башчысы «муну сатпайбыз, тигини сатпайбыз» десе эле, ошол башкаруу кеңешинин мүчөлөрү ага «ишенбестик көрсөтөбүз» деп, коркутуп жата берет. Төрагасын 65 жаштан ашпасын деп чектөө коюп жатканыбыз, алар 150 миң сомдон айлык алат, кызматтык машинелерди минет. Ошондой шартта алмашып туруш керек да. Анан булар «бирликте беш жыл иштеген адам гана төрага боло алат» деп жазып алышыптыр, ошол жердеги 25-30 адам гана айланып келе бериши керек экен. Биз ошол чектөөнү алып, сырттан да барса болот деп киргизип жатабыз. Губернатор, аким, вице-мэр болгондор деле барып иштесе болот. Мындан сырткары ар бир кызматкер 1% мүчө акы төлөп атпайбы, ошол ачык-айкын болсун деп жатабыз. Мисалы, билим берүү тармагынын кесиптик кошууну эле бир жылда 200 млн. сомдой чогултуптур. Аны каякка жумшады? Отчет бериш керекпи? Мына ушуга окшогон маселелерди киргизүүнү каалап жатабыз. Бул жерде биздин эч кандай кызыкчылыгыбыз жок».

Авторлордун бири, депутат Мирлан Бакиров мурдараак «Азаттыкка» комментарий берип, долбоорду кабыл алууда регламент бузулбаганын айткан. Ал кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу азыркы мыйзамдын Конституцияга жана Эмгек кодексине каршы келген жерлери бар экенин, профсоюздарда мүлк талаш жана башка чырлар дээрлик 30 жылдан бери токтобой келе жатканын, ошол себептүү оңдоого муктаж болгонун билдирген.

Кожобек Рыспаев менен Мирлан Бакировдон сырткары мыйзамга Данияр Төлөнов, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Улан Примов, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Турусбеков жана Искендер Гайипкулов авторлук кылат.

«Күйөөмдү кантип алып келмек элем?»

Соңку мыйзамга карата бир жылдан берки нааразылыктар менен чогуу кошуундун мүчөлөрү Кесиптик кошуундар федерациясын 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылып келишкен. Ондогон нааразылыктардан кийин ал быйыл февралда ишин тапшырып кеткен.

Асанакуновдун бул кызматка кайтып келүү-келбөө кызыкчылыгы жана мыйзамга карата ою тууралуу комментарий алуу үчүн өзү менен байланыша алган жокпуз. Анын жубайы, депутат Гүлкан Молдобекова күйөөсүнө жана өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке какты:

Гүлкан Молдобекова.
Гүлкан Молдобекова.

«Быйыл жазда экинчи окуудан кабыл алынгандан кийин айрым депутаттар кээ бир сунуштар эске алынбай калыптыр деп, парламенттин жалпы жыйынынан кайра комитетке экинчи окууга кайтарылган. Мирлан Исакбеков Бакиров бир сунуш берип, ошо менен кайра экинчи окуудан өттү. Калганы ошо мурдагы экинчи окуудан кабыл алынган боюнча кетип жатат, эч нерсе өзгөргөн жок. Мени айыптап жаткандарын окуп жатам, бирок ал жерде мен автор эмесмин. Мен жетектеген комитет аркылуу өтүп жатканы үчүн гана процедураларын карап, күн тартибине коюп жатам. Буларда төрага курултай аркылуу шайланат, анан кайдан мен ал жерге күйөөмдү алып бара алам? Алар өздөрү талапкер чыгарып, ошерден каалаган кишисин шайлай алат. Күйөөсүнө тартып жатат дегени бүт жалган. Ал жерде ондой депутат мени карап тургудай эмне жаш бала беле? Ар кимисинин өздөрүнүн позициясы, ойлору бар да. Менин күйөөм эмне ал жерде өмүр боюу иштемек беле? Азыр деле февралдан бери жолдошум иштебей эле жүрөт».

Учурда Кесиптик кошуундар федерациясынын төрайымынын милдетин Рысгүл Бабаева аткарууда. Мурдараак ал да башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен чогуу басма сөз жыйынын өткөрүп, мыйзамга каршылык билдирип чыккан эле.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

Соңку чырлардан улам Кесиптик кошуунга байланыштуу талкуу коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө чыгып, талаш-тартыш пикирлер көп ташталууда. Анын ичинде айрымдар бул уюм өзүнүн милдетин аткара албай калганын айтып, жоюп салууну сунуштагандар да бар.

Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов да ушундай пикирде.

Кесиптик кошуундар федерациясынын алдындагы мурдагы митингдер.
Кесиптик кошуундар федерациясынын алдындагы мурдагы митингдер.

«Бюджеттик мекемеге же уюмга ишке кирип жаткан ар бир кызматкер автоматтык түрдө Кесиптик кошуундун мүчөсү болуп калат жана айлыгынын 1% аларга которулуп турат. Анын макулдугун эч ким сурабайт. Дарыгерлер, мугалимдер, милиционерлер, аскерлер, айдоочулар, шахтачылар, электриктер жана ушул сыяктуулардын бардыгы болбогон айлыгынан ушул жеп-ичерлерди багып келет. Кумтөрдө иштегендер да ошентет. Чоң-чоң же кичине курорттор, санаторийлер, балдар лагерлери Кесиптик кошуунга карайт. Ошондо алар элдин канча акчасын соруп жатканын эсептеп көргүлө. Биздин депутаттар шайлоонун алдында Кесиптик кошуунду эстеп калышты. Таң калычтуу эмеспи? Алар болгону Кесиптик кошуундун үстүнөн көзөмөлгө алууну каалап жатышат, анткени ал жерде акча көп, добуш да көп, калкка таасир этүүчү рычаг да бар. Биз бул жерде депутаттар алар менен күрөшкөнү жатат деп кубанып жатабыз. Шайтан урсун, алар да, булар да биздин каныбызды соруп жатат», - деди ал.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет.

Айрым маалыматтарга ылайык, бирликтин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG