Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Кесиптик кошуундардын талаштуу абалы


Кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөлөрү нааразылык акциясы учурунда. Бишкек. 7-октябрь, 2019-жыл.
Кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөлөрү нааразылык акциясы учурунда. Бишкек. 7-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы акцияга чыгышты.

Нааразы тарап мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өз алдынчалыгы жоюлуп, өкмөткө көз каранды болуп калат деп кооптонууда.

Талаш жараткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 3-октябрдагы отурумунда экинчи окуудан өткөн.

- Бул долбоорду сунуш кылган депутаттардын сүрөттөрүн бул жерге чыгарып, эл душманы деп аташ керек!

Акциянын катышуучуларынын бири Бекназар Айталиев Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга нааразылыгын ушинтип билдирди.

Каршы тарап мыйзам долбоорунда кесиптик кошуундардын укуктарын чектеген беренелер кирип калган жана бул көз карандылыкка алып барат деген жүйөнү келтирүүдө.

Каршы болгондордун дагы бири, Тоо-кен металлургия кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев мыйзам Жогорку Кеңештен өтүп кетсе дагы, президент вето коюшу керек деп эсептейт:

Элдар Тажибаев.
Элдар Тажибаев.

- Биз, кесиптик кошуундар, бул мыйзам долбооруна караманча каршы чыгып жатабыз. Анткени ал Кыргызстандагы иштеп жаткан жарандарды кесиптик кошуундарга биригүү укугунан ажыратат. Кесиптик кошуундарды чектеп жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына карама каршы. Экинчи окууда колдошту. Бирок президент бул долбоорго вето коёт деген үмүттөбүз.

Ал эми «Кумтор Голд» компаниясынын профсоюз уюмунун төрагасы Калысбек Рысбаев аталган мыйзам долбоору Конституцияда жана эл аралык эмгек уюмунда каралган мыйзамдарга каршы келет деген пикирде.

Калысбек Рысбаев.
Калысбек Рысбаев.

- Биз каршы эмеспиз, өзгөрүүлөр, толуктоолор болуп турушу керек, - деди ал. - Бирок профсоюз уюмун уюштурганга, эркин биригүү укугун четке кагып жатышат. Конституцияда каралган укуктарга каршы келген, убагында Жогорку Кеңеш өзү кабыл алган, Эл аралык эмгек уюму деген бар, ошого да каршы келген мыйзамды кабыл алып жатат. Менин оюмча профсоюз уюму караган санаторий, ден соолукту чындоо борборлоруна көз салып, бул жерде жеке кызыкчылыктарын түртүп жатат.

Депутаттар тобу иштеп чыккан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоору 3-октябрда экинчи окуудан өттү. Талкууда депутаттар Кыргызстанда кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындык, бирдиктүү саясат жок болуп жатканын, республикалык бирикме тармактык, аймактык уюмдар менен системалуу түрдө иштей албай жатканын жана мыйзамдык базанын так эмес экенин жүйө келтиришкен.

Депутаттык топко кирген авторлордун бири, парламент төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров долбоордун иштелип чыгышына кесиптик кошуундагы абал себепкер болгонун мурдараак билдирген болчу:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Бул мыйзамдын чыгышына өздөрү себепкер. Кайра-кайра пикет, митинг, ал жакпайт, бул жакпайт, ушак, интрига. Мына ушулардын баары тегерек столго алып келди. Дебаттар, талкуу болду. Жетишерлик убакыт берилди. Бүгүн кайра кээ бир маселеде карама-каршылык чыгат дегенге кошулбайм. Бүт процедура кабыл алынды. Корутундулар бар, мыйзам талкууга жатат.

Бакировдун айтканына караганда, кесиптик кошуундарда 1 млрд. сомдон ашуун каражат айланып турат. Ири мүлк объектилерине ээлик кылган Кесиптик кошуундар федерациясынын киреше-чыгашалары тууралуу ачык маалымат жок.

Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна экинчи окулушунда 24 депутат каршы добуш берген. Колдоп добуш берген 84 депутаттын катарында КСДП фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова да бар. Ал - Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жубайы. Муну эскерткен Тоо-кен металлургия кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы да болуп жатат деп эсептейт. 7-октябрдагы нааразылык акциясына Мирбек Асанакунов да катышты.

Кесиптик кошуун мүчөлөрү менен депутаттардын ортосунда талаш жараткан мыйзам долбоорунун үчүнчү окулушу Жогорку Кеңештин келерки жумадагы сессиясында каралмакчы.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет.

Кесиптик кошуундар митинг өткөрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG