Социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги, ал эми буга чейин бул кызматты аркалап келген Аида Исмаилованын талапкерлиги Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчиликке көрсөтүлүүдө. Экөөнүн тең талапкерлиги 28-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде колдоого ээ болгонун «Азаттыкка» парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Сурабалдиева мандатын тапшырганы 27-октябрда белгилүү болгон. Исмаилова өкмөт башчынын орун басарлыгына быйыл 1-апрелде дайындалган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген кызматынан 27-октябрда алынган.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы талапкерлер тууралуу маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын талкуусуна коюлат. (RK)