Тергөөнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, кызганычтын айынан Айгеримдин өлүмүнө бир аял атайылап буюртма бергени айтылууда. Бишкектиктерди селт эттирип, маалымат каражаттарынын башкы окуясына айланган кандуу окуя ушул жылдын 26-сентябрында болгон.
26-сентябрда Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылында түнкүсүн белгисиз эки адам Айгерим Токбаеванын үйүнө кирип, анын 62 жаштагы атасын жарадар кылып, өзүн бычактап кетишкен. Алган жараатынан улам кыз дароо көз жуумп, «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 14-октябрда бул кылмышка шектүү катары 31 жаштагы келин, анын 28 жаштагы айдоочусу менен дагы бир 31 жаштагы эркек кармалды.
Чүй облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нургүл Нусупова окуя тууралуу:
«Тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар боюнча бул каргашалуу окуя кызганычтан улам болгон. Белгилеп кетчү жагдай - бул кылмыш ишинин бетин ачууда Ички иштер министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан окуя кылдаттык менен иликтенип, натыйжада кылмышка шектүү жарандар кармалды. Учурда кармалгандар убактылуу камоочу жайга камалды», - деген түшүндүрмө берди.
Коомдогу туруксуздук адамдарда агрессияны күчөттү
Маркумдун жакындары менен байланышканыбызда өзүн шектүүнүн жеңесимин деп тааныштырган аял кылмыш иши толук иликтенип, сот өкүмү чыккыча эч кандай комментарий бере албай турганын айтты.
Бирок бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Кызганычтан улам эки аялдын тагдыры талкаланганын, коомдо агрессия барган сайын күчөп баратканын жазгандар бар. Психолог Нуриза Батырбекова мындай оор кылмыш менен ашынган агрессияга коомдогу өзгөрүүлөр, экономикалык туруксуздук себеп болуп жатат деген оюн ортого салды:
«Бизде азыр саясий абал да туруксуз болуп, эл абдан кыйналып жатат. Бийлик улам эле алмаша бергенде да адамда кандайдыр бир ички агрессия күчөйт. Экинчиден, пандемия маалында элдин көбү экономикалык жактан кыйналып, стресс болууда. Социалдык чыңалуу да коомдогу зомбулукту арттырат. Үчүнчүдөн, күз мезгилинде адамдардагы нерв оорулары күчөйт, ага айланада болуп жаткан бардык негативдүү окуялар кошулуп, ар кандай кылмыштарга түртүшү мүмкүн».
«Кыздарды өзүн сыйлоого үйрөтпөйбүз...»
Адистер аялдардагы зомбулуктун себеби, ага жеткирген факторлор кылдат изилденбей, укук коргоо органдары кылмышкерлерди реабилитациялоо жана коомдун психикалык саламаттыгын жакшыртуу жаатында жетиштүү иштерди жүргүзбөгөндүктөн оор кылмыштар улам көбөйүп баратканын айтышат.
Шотландиядагы социолог-психолог Гүлжамал Шерипканова жогорудагы кызганычтан улам келип чыкканы айтылган кылмыш ишине мындайча баа берди:
«Келип, келип эле бул абалда эки аял жабыркады. Бирөө өлүп, экинчиси түрмөгө түштү. Бул окуя жөнөкөй эле себептен, башкача айтканда, кызганычтан башталып отурат. Биздин коомдун деңгээлинде карап көрсөк, кыздарыбызды өзүнө ишенимдүү кылып тарбиялабай жатпайбызбы. Биринчи эле аларга «турмушка чыгыш керек» деп, күйөөгө тийсе эмне кордук көрсө да «таш түшкөн жеринде оор» деп отуруп калууну үйрөтүп келебиз. «Күйөөң жок болсо коомчулук да сени адам катары кабылдабайт» дейбиз. Ошентип аял өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эне болуу жана бала төрөө менен эле чектеп калып жатпайбы. Эгер аял билимдүү болсо кызганычтан улам кылмышка да бармак эмес да».
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аялдар аралашкан кылмыштар жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, 2015-жылы оор кылмыш кылган кыз-келиндер 896 киши деп эсептелсе, 2018-жылы 917 адам болду.
Кыргызстандагы аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Азыр ал жерде 400дөй аял бар. Эң кичүүсү 18 жашта, улуусу 75ке чамалап калган.