Тергөөнүн материалдарына караганда, быйыл 11-сентябрда «Өзбекфильм» улуттук агенттигинин бир катар жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Өзбек президентинин тун кызы Саида Мирзиёеванын «кыялындагы» сериал эмне себептен ызы-чууга аралашты?
3-октябрда Ташкентте «Мен Жалолиддин» аттуу көп сериялуу тасманын биринчи сериясынын бет ачары болуп жатканда, өзбек президентинин кызы Саида Мирзиёева бул тасма менен «анын кыялы орундалганын» айткан:
«Мен өзбек улуттук кинематографиясында жаңы барак ачылып жатат десем аша чаппайм. Бул сериалды көргөндөн кийин ушундай ойго келесиз. Атам Самарканддын акими болуп турганда, бош убактысында бизге шаарды көрсөтчү. Тарыхый жерлерди кыдырып жүрүп, бир күнү ушул жерлер жөнүндө кино тартылса деп кыялданчу элем. Ушул сериал көп талаш-тартыштарга, сынга кабылышы мүмкүн. Биз буга даярбыз».
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын маалымат булактары президенттин кызынын бул тасманы тартуудагы ролу «символикалуу» гана болгонун билдиришкен. Президенттин кызы кызыккан «Мен Жалолиддин» сериалынын ар бир сериясы 60 мүнөттүк, жалпысынан 13 бөлүм тартылары айтылган. Аны түркиялык «БоздагФильм» компаниясы Түркияда жана Өзбекстанда 1000 кишинин катышуусунда тартмак. Сериалда Өзбекстандын тарыхый архитектурасы, искусствосу жана улуттук кийимдери чагылдырылат.
Социалдык тармактарда «Мен Жалолиддин» сериалынын биринчи сериясынын бет ачары боюнча өз пикирин билдирген айрым өзбекстандыктар маркум президент Ислам Каримовдун тун кызы, учурда аялдар түрмөсүндө отурган Гүлнара Каримова тарабынан өткөрүлүп келген даңазалуу «Алтын Гепард» кинофестивалы менен салыштырышкан.
Бирок эл аралык деңгээлде тартылып жаткан сериалдын уюштуруучуларына кылмыш иши козголгон. Ишти козгоо тууралуу чечимге 21-сентябрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Өзгөчө оор кылмыштарды тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Абдулахадов кол койгон. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисттери таанышып чыккан кылмыш ишинин материалдарына ылайык, «Өзбекфильм» улуттук агенттиги «Мен Жалолиддин» сериалын тартыш үчүн «Best Organiser» компаниясы менен келишим түзүп, ири суммадагы акчаны ушул компаниянын эсебине которгон.
Ал эми 6-октябрда Өзбекстандын Маданият министрлигинин өкүлү «Азаттык» радиосундагы маегинде «Мен Жалолиддин» сериалын тартуу мамлекеттик бюджеттен эмес, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланганын билдирген. Ал арада өзбек аткаминерлерине жакын ишенимдүү булак тергөө купуялыгын шылтоолоп, «Best Organiser» компаниясынын эсебине «Өзбеккино» которгон акчанын так суммасын айтуудан баш тарткан.
3-октябрындагы бет ачарда Саида Мирзиёева тасманы толугу менен Өзбекстандагы эң ири жеке банкы - «Orient Finans Bank» каржылаганын баса белгилеген эле.
Бирок «Өзбекфильмдин» басма сөз кызматынын өкүлү Нозим Сафари «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына «Мен Жалолиддин» жана ошондой эле 13 тасманы жаратуу учурунда акча уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты тастыктаган:
«Финансы министрлигинин Башкы көзөмөлдөө жана аудит бөлүмү 2017-2019-жылдары тасмаларды тартууга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын сарпталышын изилдеп чыккан. Ушул жылдын июнь айында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, башка максаттар үчүн 17 миллиард сум жумшалганы белгилүү болду. Учурда бул материалдар Башкы прокуратура тарабынан иликтенип жатат».
Анын айтымында, ушул жылдын май айында «Өзбекфильм» агенттигинин карамагында түзүлгөн коомдук кеңеш бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануунун алдын алуу боюнча иш алып барууда. Мунун негизинде ондогон мультфильмдер менен тасмалардын бюджетине акча жетпей калган учурлар аныкталган. Ошондой эле бир канча жергиликтүү компаниялар аркылуу миллиардаган сум акталган.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын журналисти бюджеттик каражаттын жетишсиздиги үчүн айыпталып жаткан өзбек кинорежиссёрлорунун бири менен сүйлөшкөн. Анда атын атагысы келбеген режиссер бул башаламандыктын бардыгы 109 кинорежиссёр «Өзбекфильмдин» жетекчисине нааразы болгондон кийин башталганын айткан.
«14-апрелде 109 кинорежиссер премьер-министр Абдулла Ариповго кат жазганбыз. «Өзбекфильм» киностудиясынын директору Фирдавс Абдухаликовду автократиячыл, цензурачыл жана кинематография жаатында билими жок деп айыптап, анын үстүнөн арыз жазганбыз. Андан кийин Абдухаликов Финансы министрлигинин көзөмөлдөө жана текшерүү башкармалыгынын кызматкерлерин чакырып, текшерүү жүргүзүүнү суранды. Аудиттин жүрүшүндө мыйзам бузулганы аныкталды. Ошондуктан бизди азыр тергөө ишине кошуп коюшту», - деди кинорежиссёр.
Ал ошондой эле «Өзбекфильм» киностудиясында мындай текшерүүлөр биринчи жолу болуп жатпаганын баса белгилеп, Өзбекстандын кино индустриясында коррупцияга түрткөн белгилүү себептер бар экенин айтты:
«Биринчи себеп - чыгымдарды төлөө боюнча эскирген стандарттар. Ушул себептен администраторлор мыйзамды айланып өтүшөт. Мисалы, бир айылда эшегин ижарага берип жүргөн бир адам кыска мөөнөттө, накталай акча алгысы келет. Өз кезегинде администратор «аккумулятор сатып алабыз» деген шылтоо менен акчаны накталай алып, ушул эшектин ээсине берет. Бул стандарттарды өзгөртүш керек. Кино тартып жаткан адамдар сайтка кирип, акчанын кайда жана эмнеге жумшалганын көрө алышы үчүн чыгымдар ачык-айкын, электрондук отчёт түрүндө болушу керек. Кеп бюджеттик каражаттар жөнүндө болуп жаткандыктан, салык органы, прокуратура жана «Өзбекфильмдин» жетекчилиги чыгымдарды онлайн режимде көзөмөлдөшү керек. Кино мамлекеттин эсебинен эмес, коммерциялык негизде тартылса эч кандай маселе болбойт эле. Бирок бул өзүнчө тема».
Өзбекстандын кино индустриясы коррупциялашкан чөйрөлөрдүн бири деп эсептелет. 2014-жылы «Өзбекфильм» агенттигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Бул окуядан көп өтпөй киностудиянын жертөлөлөрүнүн биринде «Өзбекфильмдин» сатып алуу бөлүмүнүн башчысы, 51 жаштагы Туляган Назаровдун сөөгү асылып турган жеринен табылган. Кийинчерээк киностудиянын бир нече жогорку кызматкери шарттуу кесилип, айып төлөөгө милдеттендирилген.