Бейшембиде 11 жылдан бери Европада бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов «Фейсбуктагы» баракчасына 5-октябрда аны француз полициясы кармап кеткенин жазды. Анда оппозициячыл саясатчы эки күн абакта отурганын жана чуулгандуу окуянын чоо-жайын кийинчирээк түшүндүрүп берерин билдирген.
«Тагыраак айтсак мени күчкө салып кармап кетишти. Бардык нерсе согушту көрсөткөн кинодой эле болду. Бул иште дагы эле Казакстандын колу бар. Ал тургай эки күн түрмөдө отуруп чыктым. Бул окуя менен үч күн күрөштүм. Жакшы кабар болсо эми абактан чыктым. Калганын баарын эртең түз эфирде айтып берем».
Аблязов түрмөнүн жанында тартылган эки сүрөттү кошо жарыялаган. Сүрөттө Аблязов уулу жана кызы менен жолукканы да тартылган.
Ал эми Мухтар Аблязовдун адвокаттарынын бири Жерар Чолакян «France-Presse» маалымат агенттигине билдиргендей, оппозициячыл саясатчыга Казакстанда козголгон кылмыш иши боюнча «7,5 миллиард доллар уурдаган» деген айып коюлган.
Чолакян жакында эле Франциядан саясий башпаанек алган Аблязов «Ишенимди ашкере кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмыштуу жол менен тапкан кирешени мыйзамдаштыруу» деген беренелер боюнча айыпталып жатканын кошумчалаган.
«Париждин прокуратурасына Казакстандан арыз келип түшкөн. Ал аны кароодон баш тартышы мүмкүн болчу. Бирок прокуратура аны акылсыздык менен Франциянын тергөө сотуна жөнөтүп койгон», - деген маалыматты Аблязовдун адвокаттарынын бири Жерар Чолакян франциялык кабар агенттигине берген. Ал ошондой эле Мухтар Аблязов соттун көзөмөлү менен бошотулганын билдирген.
БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен.
Казак бийлиги 2017-жылы Парижде мурдагы олигархка каршы арыз жазып, ага «2009-жылы каржы институтун мамлекеттештиргенге чейин жетектеген Казакстандын БТА Банкынан 7,5 миллиард доллардан ашык каражатты уурдаган» деп айып койгон. Аблязов киреше алып келген компанияларга кепилдиксиз насыя берген деп айыпталууда.
Аблязовго ошондой эле Орусия жана Украина да издөө салган. Бул өлкөлөр аны миллиарддаган долларларды уурдаган деп айыпташууда.
Казакстандын бийлиги саясий себептерден улам экстрадициясы четке кагылган чет өлкөлүктү сот жообуна тартууга уруксат берген француз мыйзамдарынын жобосуна ылайык иш жүргүзүп, Мухтар Аблязовду «Франциянын чегинен тышкары жерде кылмыш кылган» деген айыбын арыз менен билдирген. Анткени 2016-жылы расмий Париж Аблязовго коюлган айыпты саясий куугунтук деп эсептеп, аны өткөрүп берүү тууралуу өтүнүчтү четке каккан болчу.
Ал арада бозгундагы казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов 5-октябрда Францияда саясий башпаанек алганы кабарланган. Саясий башпаанек алганы боюнча маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына Аблязов өзү ырастаган.
«Le Monde» басылмасы жазгандай, Аблязовго башпаанек берүү боюнча чечим 29-сентябрда кабыл алынган. Улуттук сот оппозициячыл саясатчынын арызын бир нече ай караган. Ага чейин 2018-жылы Франциянын Качкындар жана жарандыгы жок адамдардын иши боюнча башкармалыгы Мухтар Аблязовдун башпаанек алуу боюнча арызын четке каккан эле. Ал эми Аблязовдун адвокаты Бота Жардемали 4-октябрда бул башкармалыктын чечими «Казакстандын француз жетекчилигине болгон күчтүү саясий кысымына, казак режими уюштурган эл аралык лоббизмге, анын ыплас пиарына, ойдон чыгарылган айыптоолоруна, манипуляцияларына жана француз сот адилеттигине түздөн-түз кысымына карабастан» кабыл алынганын билдирген.
2018-жылы Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы «Туран Алем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, экс-банкир Аблязовду өмүр бою сыртынан кескен. Ошондой эле Аблязов «Мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмыштуу топту уюштуруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан.
Аблязов бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт. Акыркы үч жылда ал өзү жетектеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылынын ишмердүүлүгүн координациялап, Интернет аркылуу өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы нааразылык акцияларын уюштуруп келет.
2018-жылы казак бийлиги бул кыймылды өлкөдө «экстремисттик уюмдардын» катарына кошконун жарыялаган. Ал эми казакстандык укук коргоочулар соттун бул чечими жарыяланбаганын белгилешет. Казакстанда бул кыймылга тыюу салынган жана анын тарапкерлери куугунтукталууда.