Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Bloomberg: Путин Трамптын тушунда санкцияларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароодо


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы учурунда Орусияга каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн текшерип жатат. Бул тууралуу Bloomberg булактарына таянуу менен билдирди.

Кремлдин стратегиясынын бир бөлүгү - Кара деңиздеги элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында Россельхозбанкты SWIFTке туташтыруу талабы бар.

SWIFT эл аралык банктык маалымат алмашуу жана акча которуу системасы Еврокеңештин юрисдикциясында турат. Bloomberg билдиргендей, Россельхозбанкты системага кошуу талабы Трамптын Европага таасирин текшерүү үчүн коюлган.

Агенттиктин булактары бул маселе оң жагына чечилсе санкциялык режимдин акырындык менен жеңилдешине алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.

24-мартта Эр-Риядда өткөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктагандан кийин Орусия Россельхозбанктан жана башка уюмдардан азык-түлүк жана жер семирткичтерди соодалоого байланыштуу чектөөлөрдү алып салууну сунуштаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон бул маселени Москва жана Евробиримдик менен талкуулоого даяр экенин билдирген.

Ошол эле учурда Франция, Улуу Британия жана коалицияга кирген мамлекеттер учурда Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүү же алып салуунун убагы эместигин жарыялашкан.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 27-мартта 30га жакын өлкөнүн өкүлдөрүнүн Парижде өткөн жолугушуусунан кийин, тескерисинче, санкцияларды, айрыкча Орусиянын көмүскө флотунун кемелерине каршы санкцияларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашканын билдирди.

Мындан сырткары Европа биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 17-пакетин иштеп чыгууга киришкени белгилүү болду. Кезектеги чектөөлөргө байланыштуу иш баштапкы этапта экени айтылган.

Коалиция ЕБ менен НАТОнун көпчүлүк өлкөлөрүн бириктирет. Булар мүмкүн болгон элдешүү келишими түзүлгөнгө чейин Украинага колдоо көрсөтүүгө жана ал түзүлгөндөн кийин ага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр өлкөлөр. Анын негизги катышуучулары Франция жана Улуу Британия.

Шерине

XS
SM
MD
LG