Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Беларус бардык чет элдик маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарды


Беларуста журналисттерге тилектештин билдирген акцияда тартылган сүрөт. 3-сентябрь, 2020-жыл.
Беларуста журналисттерге тилектештин билдирген акцияда тартылган сүрөт. 3-сентябрь, 2020-жыл.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги бардык чет элдик маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарды. Бул тууралуу 2-октябрда мекеменин сайтында кабарланды.

Расмий маалыматка ылайык, мындай чечим Беларустагы чет элдик маалымат каражаттарын каттоодон өткөрүү боюнча жаңы жобого ылайык кабыл алынды.

Чет элдик медиада эмгектенген журналисттердин ишмердигине уруксат берген бардык документтер 2-октябрда токтотулат.

Мурдараак tut.by басылмасы "Азаттык" радиосунун беларус кызматынын, "Настоящее Время", BBC, "Associated Press", ARD немис телеканалы сыяктуу медиалардын журналисттеринин аккредитациясы алынганын маалымдаган.

"Эркин Европа\Азаттык радиосунун" президентинин милдетин аткаруучу Дейзи Синделар Минскинин бул чечими "көңүл калтырарлык, бирок таңкалычтуу кадам эместигин" билдирген.

Беларуста 9-августтагы президенттин шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген массалык акцияларды чагылдырып жүргөн көз карандысыз жана эл аралык медиада иштеген журналисттерге кысым башталган.

XS
SM
MD
LG