Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Министрдин орун басары эпидемиологиялык абал курч экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.

«Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», - деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир жарым айдагы эң чоң көрсөткүч.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 ​кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG