Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Улуттук банк инспекциялык текшерүүлөрүн улантмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы инспекциялык текшерүүлөрүн улантмай болду. Банктын 29-сентябрдагы маалыматына караганда, текшерүүлөрдү убактылуу токтотуу тууралуу быйыл июнь айында кабыл алынган токтом күчүн жоготкону жөнүндө чечим кабыл алынды.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам башкы банк 29-июнда коммерциялык банктарды, насыя берүүчү уюмдарды, акча алмаштыруучу жайларды текшерүүнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул уюмдар Улуттук банктын уруксатынын негизинде иштешет. Банк алардын ишмердүүлүгүн текшерип турат.

Быйыл Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын чектөө тууралуу сунуш айтылып, бирок ал колдоо тапкан эмес.

Кыргызстанда 23 банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 142, алардын алтоо ири компания. (RK)

XS
SM
MD
LG