Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:48

Дагестандын түрмөсүндө отурган тажикстандыктар качып кетти


Шамил Бойматов.
Шамил Бойматов.

Орусиянын Тергөө комитети Махачкаладагы № 2 түзөтүү колониясынын кызматкерлерине карата "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, Шамхал айылында жайгашкан түзөтүү колониясынан 10 жылдан 14 жылга чейин соттолгон алты киши өткөөл казып качып кетишкен.

Алардын ичинен төртөө баңгизат, экөө киши өлтүрүү үчүн кесилген.

Качкандардын арасында баңгизат үчүн камалган тажикстандык Шамил Бойматов менен Махмадрасул Машрабов да бар.

Соттолуучулар өткөөлдү бир жыл бою казышкан.

Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Дагестан боюнча башкармалыгы билдирди.

Орусиянын түзөтүү жайларында жети миңден ашуун тажикстандык бар. Соңку жылдары орус басылмалары тажик жарандары терроризм менен экстремизмге байланыштуу кармалганын кабарлашууда. Алардын бир бөлүгү Тажикстанга экстрадиция болсо, бир бөлүгү орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG