Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Баткендеги жол кырсыгынан эки адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде 11-сентябрда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык таңга маал Ош-Баткен-Исфана автожолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) болгон. Баштапкы маалыматка караганда, «Ауди-100» үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу рулга ээ боло албай, автоунаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

53 жана 46 жаштагы эки адам ооруканадан көз жумду. 27 жана 15 жаштагы эки жүргүнчү дарылануусун улантууда.

Жабыркагандарды Баткен облустук ооруканасына алты куткаруучу жеткирди.

Бир күн мурда Кара-Суу районундагы бир жол кырсыгында да эки киши каза болгону кабарланган. Быйылкы жылдын ушул убактысына чейинки өлкө ичинде катталган жол кырсыктарынын жалпы эсеби тууралуу маалымат таратыла элек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы болгон. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)

XS
SM
MD
LG