Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталгандардын тизмесинен алты кишини чыгарды.
Алар - Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков жана Алтынай Уранбекова. Боршайком алар өздөрү берген арыздын негизинде тизмеден чыгарылганын билдирди.
БШК 7-сентябрда ушундай эле арыздын негизинде «Социал-демократтар» партиясынан шайлоого бараткан Эрмек Океновду талапкерлердин тизмесинен алды. «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталган Дастан Алымбекович да тизмеден чыгарылды.
БШК буга чейин «Ыйман Нуру» жана «Социал-демократтар» партияларынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 101ден, «Ата Мекен» партиясынан 150 талапкерди каттаган.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык 120 орундуу парламенттик шайлоого ар бир саясий партия 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин тизмеси менен шайлоого катыша алат.
Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (BTo)