Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Өзбекстандык мурдагы имам 15 жылдан кийин түрмөдөн чыкты


Мурдагы имам Рухиддин Фахриддинов.
Мурдагы имам Рухиддин Фахриддинов.

Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов дээрлик 15 жылдан кийин түрмөдөн бошотулду. Ал терроризм, экстремизм жана Конституцияга каршы аракеттер боюнча айыпталып, 2006-жылы узак убакытка эркинен ажыратылган. Жакындары Фахриддинов түрмөдөн эки жыл үч айга эрте бошотулганын билдиришти.

Анын эркиндикке чыкканын эл аралык укук коргоочулар кубатташты. Алардын бири, «Human Rights Watch» уюмунун мурдагы кызматкери Стив Свердлоу Фахриддиновдун бошотулганы маанилүү экенин белгилеп, мурдагы имам 15 жыл мурда кармалгандан бери көп кыйноодон өткөнүн «Твиттерге» жазды.

Өзбекстанды маркум Ислам Каримов башкарып турган учурда өткөн соттук териштирүүлөрдө милиция Фахриддиновду «вахабилердин руханий лидери» катары мүнөздөгөн. Ошондойэле «Өзбекстанда ислам мамлекетин түптөөнү көздөйт» деп айыптаган. Бирок Фахриддинов эч кандай экстремисттик кыймылдарга аралашпаганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG