Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

Абдыгулов: Улуттук банктын алтын-валюта резерви тарыхый чекке жетти


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюта резерви 3,1 миллиард долларды түздү.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-августтагы брифингде билдирди. Ал мындай көрсөткүчтү Улуттук банк түзүлгөндөн берки тарыхый чек катары баалады.

Абдыгуловдун айтымында, алтын-валюта резерви мамлекеттин импортунун алты айга чейинки төлөмүн камсыздоого жетет.

Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор шартта Улуттук банктын карамагындагы алтын-валюта запасын колдонуу тууралуу сунуштар айтылган.

Улуттук банктын жетекчилиги жана өкмөт өкүлдөрү өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууга азырынча негиз жок экенин жана ал каражат финансы системасынын туруктуулугун кармап турууга багытталганын билдиришкен. Кыргызстан социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана бюджетти колдоо үчүн 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам алганы жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG