Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Министрлик 1-класстардын окуу тартибин жарыялады


1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.
1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Мария Кушубакова жаңы окуу жылында мектептерде 1-класстардын окуу тартиби тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге мектептер үчүн алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык, ар бир класста окуучулар азайтылышы керек. Эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл.

Мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу. Балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыз кылууга тийиш. Мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек. Ата-энелер балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүгө милдеттүү.

Аралыкты сакташ үчүн мектептерде кирип-чыккан эки эшик болушу зарыл. Санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сакташ үчүн мектептер суу менен камсыздалып, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы да талап кылынат.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин 1-класстар мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган. (NT)

XS
SM
MD
LG