Нааразылык акцияларынын катышуучулары Жеңүүчү проспектинде кетип баратышат.
Баш калаадагы каршылык көрсөткөндөр сыяктуу эле Беларустун Гродно жана башка шаарларынын жашоочулары жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө нааразылык акцияларына чогулуп жатышат.
«Азаттыктын» беларус кызматынын маалыматына ылайык Гроднонун тургундарынын шаардын борборуна бараткан колоннасын күч түзүмдөрү айнек завод менен филармониянын жанынан тосуп чыгып кармап киришти. «Медиазонанын» маалыматы боюнча кармоо учурунда газ чачыратылган болушу мүмкүн, анткени адамдар жөтөлгөн бойдон качып баратышты.
Брестте митингчилердин колоннасы Совет көчөсү менен Машеров проспектинин кесилишинде кайра тартууга аргасыз болду, анткени алардын жолун калканчан милиция тосуп алды.
Минскиде башкы аянттарга бара турган жолдорду күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери таң заардан эле жаап салышканына карабастан нааразылык акциясына миңдеген адамдар чыкты. "Биримдик жүрүшүндө" нааразылыкка чыккандардын эки колоннасы беттешүүдө.