Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

20:25 6.9.2020

Бресттеги нааразылык акциясындагылар Геннадий Шутовду эскерүү иретинде бир мүнөт унчукпай турушту. Ал мурдагы акциялардын биринде алган жараатынан улам каза болгон.

20:40 6.9.2020

Минскиде ишембиде кармалган 34 студенттин 25и коё берилди

Бул тууралуу Минск шаардык аткаруу комитетинин расмий өкүлү Наталья Ганусевич кечке жуук билдирди. Анын айтымында, студенттер уруксат берилбеген иш-чараларга катышканы үчүн кармалган. Алардын баары административдик жоопкерчиликке тартылды.

"Милицияда калган тогузу сотко чейин убактылуу кармоо жайларында кармалып турат", - деп кошумчалады Ганусевич. Анын айтымында, бул тогуз киши мурда да административдик жоопкерчиликке тартылган.

20:45 6.9.2020

Беларустун Бобруйск, Витебск, Гомел, Брест, Баранович шаарларында болжол менен 80ден ашык демонстрант камакка алынды. Бул тууралуу "Биримдик маршына" катышып жаткан укук коргоочулар кабарлашты.

20:46 6.9.2020

Барановичтерде жаандан жашынган адамдар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү эл арасынан кармап кеткен адамдарды кайра кайтарып алууга аракет кылышууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин биринин башынан бетин жапкан баш кийимин жулуп алышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG