"Азаттыктын” беларус кызматынын, тагыраак айтканда “Радыё Свобода” радиосунун сайтына жана башка бир катар сайттарга беларус бийлиги бөгөт койду.
Бул президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары учурунда маалымат айдыңын көзөмөлдөө максатында болууда. Беларустун Маалымат министрлиги 21-августта атайын буйрук чыгарып, дем алыш күндөрүндөгү массалык демонстрациялардан улам, байланышка чектөө коюларын билдирген.
Өлкөдө 72 сайтка бөгөт коюлган. Алардын арасында «Белсат», «Еврорадио» жана «Медиазона Беларусь» агенттиктери да бар. Министрликтин токтому менен 9-августтагы шайлоонун жыйынтыгына байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн сайттар да жабылды. Мындан тышкары «Вясна» укук коргоо борборуна тиешелүү сайттар да ачылбай калды. Уюм шайлоодон кийинки кармоолор, адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалга көз салып жаткан.
Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалган. Жүздөгөн адамдар түрдүү жаракат алып, үч киши каза болгону расмий кабарланган. Кармалгандардын айрымдары полиция тарабынан кыйноого кабылганын айтышкан.
Ондогон журналисттер кармалып, куугунтукка алынган. Алардын ичинде “Азаттыктын” беларус кызматынын кабарчылары да бар.
Александр Лукашенко беларустарды Гроднодогу митингде күч кызматкерлеринин “каталарын кечирүүгө” чакырды. Бул күч кызматкерлери 9-августтагы шайлоодон кийин демонстранттарды сабаган эле.
“Бул силердин эле араңардагы адамдар. Алар кайсы бир жерде ката кетирсе, аларды кечиргиле”, - деди ал.
Ошондой эле Лукашенко күч кызматкелери демонстранттарды митингден кууп-тараткан маалда тартылган сүрөттөрдүн 60% фейк экенин айтты.
Эл аралык iSANS жамаатынын эксперттеринин колуна Беларустагы күч кызматкерлеринин аракеттеринен жабыркагандардын саны тууралуу медициналык маалыматтар тийди. Бул маалыматтар эксперттерге жашыруундуулук шартында берилген.
Маалыматка ылайык, 347 адам митингдерди күч менен таратуу маалында да, андан кийин абакка кармалган учурда да жаракат алышкан. Эксперттер “күч кызматкерлеринин иш-аракеттери катаал жана садисттик мүнөздө болгонун” белгилешет.
Окрестинадагы изолятордо кармалгандарды сабап жаткан күч кызматкерлери.