Александр Лукашенконун “НАТО Беларус менен чек арага аскерлерди жиберди” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу НАТОнун өкүлү Оана Лунгеску билдирди. “НАТО Беларус же башка кайсы бир өлкө үчүн коркунуч жаратпайт”, - деди Лунгеску.
23-августта Беларуска тилектештик билдирген акциялар 26 мамлекетте өтөрү күтүлүүдө. Аларга айрым президенттер жана жогорку даражадагы расмий адамдар да катышары маалым болду.