«Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир катар добушканалардан шайлоо бюллетендеринин жетишсиздиги тууралуу билдирүүлөр келип түштү», - деди «Беларусь-1» телеканалынын эфиринде БШКнын төрайымы Лидия Ермошина.
«Биздеги бир катар шайлоо участоктору аларга шайлоо бюллетендери жетпей жатканын кабарлашууда. Жалпысынан шайлоочулар мынча көп келет деп эч ким күткөн эмес», – деди Ермошина. «Бир шайлоо участокторунан башкаларына бюллетендер жеткирилип жатат», – деп кошумчалады БШКнын жетекчиси.
Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө Беларуста шайлоо соңуна чыкты. Бирок добуш берүү үчүн келгендер кезекте турушат. Алар “Кет! Наалат! Уят! Шерменделик!” деп кыйкырып жатышат.
БЕЛАРУСТА ШАЙЛОО УЧАСТОКТОРУНУН БААРЫ ЖАБЫЛЫП, ДОБУШТАР ЭСЕПТЕЛЕ БАШТАДЫ.
Шайлоодо добуш бере албай калган беларус жарандары нааразылыгын билдирип, добушканаларды ачууну талап кылып жатышат. Шайлоочулар паспортторун өйдө көтөрүп, “Лукашенко, кет! Добушумду бергим келет!” деп ураан чакырышууда.