Беларустун Бириккен жарандык партиясынын лидери Николай Козлов Минскидеги добушканалардын биринде камакка алынды.
Бул тууралуу президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын басма сөз катчысы Анна Красулина билдирди.
"Добушканалардын биринде партиянын башчысы Николай Козлов кармалганын кабарлашты. Козлов – Светлана Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү”, - деди Красулина.
Расмий экзит-пол — Лукашенко добуштардын дээрлик 80% ээ болду.
Беларустун азыркы башчысы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо мамлекеттик экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык добуштардын 79,7% алды. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА маалымат агенттиги билдирди.
Оппозициянын негизги талапкери болгон Светлана Тихановская сурамжылоо боюнча добуштардын 6,8% гана ээ болду.
Минскидеги “Планета” мейманканасынын жанына чогулган демонстранттар “Жашасын, Беларус”, “Уят” деп кыйкырып жатышат. Экзит-полдун жыйынтыгын айрымдар мына ушундай маанайда кабыл алууда.
Беларустун Могилев шаарындагы «Атриум» соода борборунун жанына жүздөгөн киши чогулганын «Азаттыктын» беларус кызматынын кабарчысы кабарлады. Буга чейин талапкерлер кол тамгаларды чогултуп жаткан аянтты полициянын унаалары менен автозактар курчады. Борбордук Биринчи Май көчөсүндө кыймыл чектелди. Саат 21:00дө атайын даярдыктагы отряд элди аянттан сүрө баштап, кеминде 20 адам кармалган.
Минскинин Немига көчөсүндө борборду көздөй бараткан адамдардын тобун автозак сүзүп кеткенин “Nexta” телеграм каналы кабарлады. Элге тараган видеодон кеминде бир адам канжалап жерде жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр автозак менен адамдарды атайылап сүздүрүшкөнүн айтып жатышат.